Экс-президент Р.Отунбаеванын Нарынга болгон иш сапары

Бүгүн, 2016-жылдын 19-апрель күнү  өлкөбүздүн экс-президенти,  “Роза Отунбаеванын демилгеси”  Эл аралык  коомдук фондунун  негиздөөчүсү Р.Отунбаева Нарын шаарында иш сапар менен  болду. Анда экс-президент Нарын шаарынын “Жаштар Ордосунда” облустун активдери  менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бул иш сапардын негизги максаты  – “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун  дүйнөлүк  алдыңкы өнүгүү тажрыйбаларды  жана жергиликтүү тажрыйбаларды  өнүктүрүү жана жайылтуу  максатындагы  бир  нече багыттагы ишмердиктери менен аймактардагы жетекчилерди, билим берүү тармагынын жооптуу кызматкерлерин  жана аймак активдерин тааныштыруу.

Ошондой эле  балдарды өнүктүрүү кызматтарынын  сапатын жогорулатууга багытталган   жаңы демилгелер жана байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо.

Экс-Президент Р.Отунбаева  жолугушуулар учурунда өзү негиздеген фонддун максаты, бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жана алдыдагы пландары тууралуу баяндоо менен  адамзат ресурстарынын  өнүгүүсүн калыптандыруудагы  алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга токтолуп, ой бөлүштү.

Белгилей кетсек, бүгүнку күндө  “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду  Эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөр жана эксперттер менен биргеликте  Билим берүү фестивалы, Экологиялык тарбия, Мектептерде ысык тамакты уюштурууну илгерилетүү, Аялдар илимде жана техникада (СТЕМ), Устат,  Мекендештер,  Жайлоо бала бакчалары, Жылдыздар китеп окушат, Ачык Билим Ресурстары жана башка бир нече   маанилүү долбоорлорду үзүрлүү жүзөгө ашырып жаткан учур.

Жолугушуулар негизинен  шаарыбыздын мектептеринде, балдар бакчаларында, китепканаларында жана  балдардын чыгармачылык  билим берүү борборунда, Нарын мамлекеттик университетинде өттү.

Иш  сапардын жүрүшүндө  Р.Отунбаева менен кошо Бишкектен келген адистер  тематикалык жана максаттуу окууларды жүргүзүштү. Сүрөт тартуу, хореография, көркөм кагаз кесүү техникасы, Монтессори педагогикасы, компьютердик сабаттуулук, Аялдар илимде жана техникада (СТЕМ), Ачык Билим Ресурстары, Мектеп тамактануусун жакшыртуу, Кытай боегу (живопись), көз гимнастикасы боюнча тренингдер жана мастер класстар өткөрүлдү.

Ошондой эле  эксперттер учурда фонд тарабынан жүзөгө ашып жаткан жана башка долбоорлор туурасында  презентацияларды жасап, маалыматтарды беришти.

Иш сапар учурунда Мао-Маонун “Менин атам- Ден Сяопин”,  М.Ибуканын “Үчтөн кийин кеч” китептеринин бет ачаары  жана  атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде  даярдалган, чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин  Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу  адистердин  баяндамасы да угулду. Жолугушуунун алкагында балдар жазуучусу Жылдыз Бек окуучуларга жаңы жазылган «Тогуз мээримдүү жомок» деген аталыштагы китебин окуп берди.

IMG_3935 IMG_3913IMG_3911 IMG_3888 IMG_3834 IMG_3856 IMG_3866 IMG_3870 IMG_3877IMG_3829

.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий