Жарандардын көйгөйлөрүн жергиликтүү бийликке жеткирүүдө ГИС борборунун ролу маанилүү , — мэр Р.Адиев


IMG_5881Бүгүн 28-июнда, Нарын шаарынын мэри Ага Хан фондунун Канададагы өкүлү Хилари Клаусонду жана MSDSP KG  коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жолугушуу учурунда Нарын шаардык мэриясында ачылган геомаалымат борбору туурасында сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын жүрүшүндө шаар башчысы Р.Адиев MSDSP KG  коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнө жана Хилари айымга шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга кошуп жаткан салымдары жана көмөктөрү үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

IMG_5893 IMG_5894Хилари айым өз кезегинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты элдин жашоосуна кандай таасирлерин тийгизип жатат жана канчалык денгээлде кызмат көрсөтүү сапаты өзгөрдү, долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар жаралды, ГИС борборунун кийинки пайдалануусу кандай болот, түзүлгөн картаны жаңылап турууга кандай аракеттер көрүлөт жана башка ушул сыяктуу суроолору менен шаар башчыларына кайрылды.

Нарын шаарынын санариптик картасы аркылуу шаар тургундары таштанды жана таза суу боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп, тиешелүү кызматтар байкабай жаткан көйгөйлөрдү интернет аркылуу жеткирип турууга шарт түзүлөт. Коомчулук менен маалымат алмашуу жакшырат. Ошондой эле пайдаланууга берилген ГЕО-маалымат борборун мындан ары өркүндөтүп, жашоочулардын керектөөсү үчүн дагы башка багыттарда колдонуу жагы пландалып жаткандыгын мэр Р.Адиев өз сөзүндө белгиледи.

Маалымат үчүн айтсак, 2014-жылдын апрель айында “ГИС технологиясын колдонуу менен Нарын шаарынын пландаштыруусун биргеликте жогорулатуу” аталыштагы жаңы долбоор Ага Хан Фонду жана Канада Ѳкмөтүнүн финансылык көмөктөштүгү менен башталган.

Долбоордун максаты — жарандык коомдун активдүү катышуусунда Нарын шаарынын жашоочуларына таза суу жана санитария багытында көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын көтөрүү. Долбоордун алкагында колдо бар кагаз жүзүндөгү маалыматтардын, MSDSP KG  тарабынан түзүлгөн табыгий кырсык жана тобокелчилик боюнча схема-картанын жана тилкелерди изилдеп чыгуулардын негизинде Нарын шаарынын электрондук картасы түзүлүп чыккан.

Интерактивдүү карта Нарын шаардык мэриясынын веб-сайтына жайгаштырылат, жашоочулар таза сууну өчүрүү, кошуу, таштандыларды чыгаруу, муниципалдык кызматтардын пландуу жолугушуусу жана башка маселелер боюнча карта аркылуу жарандар жеке ой-пикир, сунуштарын калтыра алышат. Бул иш аракеттер жарандардын муктаждыктары туурасында маалымат чогултууга, муниципалдык кызматтардын жоопкерчилигин көтөрүүгө, ачык-айкындуулукка, мындан сырткары шаардык мекеме, ишканалардын ар кандай суроо-талаптарына ылайык келечекте жаңы кызматтарды камтууга шарт түзөт.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий