Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык жетектөөчү адис ваканттык муниципалдык административдик кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Жогорку же болбосо атайын орто кесиптик билими (экономикалык билими барларга артыкчылык берилет);
- Жашы 18 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын билиши;
- компьютерде иштей билиши;
- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши;
- иш стажысы талап кылынбайт.
Талап кылынуучу документтер:
- аттестациялык-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
- резюмеси;
- кадрларды каттоо баракчасы;
- 3*4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
- паспорттун көчүрмөсү;
- билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү;
- эгер бар болсо эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу 2016-жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүлөт. Нарын шаары, Ленин көчөсү №74, Нарын шаардык мэриясы. Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: 5-06-76.