5-МАЙ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН КҮНҮ

Бүгүн, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жыйынга шаар мэри Э.Алымкулов, вице-мэр С.Эсенаманова, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышышты. Нарын шаардык мэриясынын юристи М.Бабаев тарабынан КР Конституциясынын кабыл алынышы, анын тарыхы боюнча баяндама берилди.

Жыйындын жүрүшүндө Конституцияны сыйлап, мыйзам менен жашоо, ар бир атуулдун милдети жана ага урматтоо менен мамиле жасоо-бул кийинки муунга өткөрүп бере турган демократиялуу, ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекетти куруунун негизги шарттарынын бири экендигин шаар мэри Э.Алымкулов белгилеп өттү.

IMG_6732 IMG_6738 IMG_6739 IMG_67415

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий