500 ТҮП МОЖЖЕВЕЛЬНИК ТИГИЛДИ

Нарын шаарынын көпчүлүк аймактарына можжевельник багынын көчөттөрү отургузулду.
Көчөттөр Ош облусунун Кара-Кулжа районунан алынып келинип, сатып алууга жеке ишкер Муса Жусуевдин каржылоосунда сатып алынып, транспорт чыгымын Нарын Жашылдандыруу Ишканасынын башчысы Нарынбек Омуракунов өз каражатынан төлөп алдырып келген.
Можжевельниктер бүгүн шаарыбыздын кире бериштерине жана мерчемделген аймактарына тигилди.
Көчөттөрдү отургузууга катышкан Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызматкерлерге жана демөөрчүлөргө өз ыраазычылыгын билдирди.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий