Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун жана социалдык мекеме, ишканалар тарабынан 2016-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат

      Саламаттыкты сактоо боюнча: Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды  көрсөтүүдө 5-ҮДТ жана тез жардам бөлүмү иш алып барышат. Нарын облустук ҮМБда 36 дарыгер, 100 орто медициналык кызматкерлер  эмгектенишет. Дарыгерлер менен камсыз болуу 64% түзсө, орто медициналык кызматкерлер менен камтылышы 100% түзөт. Бүгүнкү күнгө 14 дарыгер жетишпейт (6 үй бүлөлүк дарыгер, онколог, нарколог, логопед, уролог,  эндоскопист,  физиотерапевт, педиатр жана тез жардам бөлүмүнүн адистери).

        Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринин бири — калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлердин жетишсиздиги, өзгөчө үй бүлөлүк дарыгерлердин жоктугу, көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Иштеп жаткан дарыгерлердин 55-60 жаштан өткөндөрү 60% түзсө, 35 жашка чейинки дарыгерлер 6% гана түзөт.

          Дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе коюлуп, 2013-2014-2015-жылдарга депозит аркылуу дарыгерлер тартылып, иш алып барышууда. Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 5, Нарын шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна 4, жалпысы 9 депозит врачтар келип орношуп, жергиликтүү бюджеттен жалпысы 532 000 миң сом батир акыларына төлөнүп берилди (2014-жылга 92000,  2015-жылга 224 000  сом, 2016-жылга 216000 сом). Андан сырткары, Кыргыз-Швецариялык проектиси аркылуу 2 дарыгер жана “Жаш дарыгерлер депозити” программасы менен 2016-жылы  3 дарыгер  эмгектенишүүдө. Жалпы 12 дарыгер.

           2016-жыл ичинде ҮМБнун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында  №1 ҮДТ эмдөө бөлүмү “Ага Хан” фондунун жардамы менен 84 000 миң сомго жана өздүк салым 40 000 сомго капиталдык ремонт  жүргүзүлдү, оорулар үчүн күтүү залы уюштурулуп, 52860 сомго тиешелүү жабдуулар (телевизор, маалымат тактасы, стол, отургуч жана бра) менен камсыз болду. №3 ҮДТнун жылытуу системасы атайын эсептен 50 000 сомго оңдотулуп, от жагуу үчүн атайын бөлмө кошулуп салынды, 50 000 сомго НОҮМБнун кире беришине асфальт төшөлдү. Эхо ЭКГ, УЗИ доплер ССМ бюджеттин эсебинен 33 840 сомго алынды, 273 160 миң сомго медициналык жабдуулар (глюкометр, тез жардам бөлүмүнө фелдшердик сумка, 2 медициналык муздаткыч, микроскоп бинокулярный, ЭКГ) алынып келинди. 2016-жылдын сентябрь айында Неврология бөлүмү толук бүткөрүлүп ишке берилди (жалпы суммасы 59 млн сом).

         Дары-дармек боюнча кошумча пакет программасынын негизинде 2015-жылы 137863  сомго 5493 рецепт жазылып,  98,3% түзсө, 2016-жылы 1 557 522 сомго 5555 рецепт жазылып, 97,3% түздү, ФОМС тарабынан оорулардын дары-дармектери кошумча каржыланды. Кошумча пакет программасына берилген лимит 103,7% аткарылды.

            Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 2015-жылы амбулатордук шартта бекер дары дармек менен 420 479 сомдук 598  рецепт (101,1%), 2016-жылы 498 876 сомдук 637  рецепт (97,4%) ФОМС аркылуу аптекаларга которулуп берилди.

           Облустук ҮМБда жана ҮДТда 2016-жылы 183 093 кабыл  алуу болуп (2015-жылы 159 809), былтыркы жылга салыштырмалуу 23 284ге кабыл алуу көбөйгөн. Ал эми  үйдөн жардам көрсөтүү 2016-жылы 12460 болуп,  2015-жылга салыштырмалуу 3220га   көбөйгөн.

Тез жардам бөлүмүнө 2016-жылы 7024 чакырык болуп, өткөн жылга караганда 1075  чакырыкка көп болгон (2015-жылы — 5949), 7035 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Чакырыктарды оорулары боюнча алып караганда 4205 оору ар кандай өнөкөт оорулар менен, курч кармаган оорулар менен 690 оору, анын ичинен гипертониялык оору 435 түздү. Нарын шаарында 2016-жылы жалпы өлгөндөрдүн саны 239  учур болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 6,6% азайган (255 учур). Оорулар боюнча структурасын анализдегенде 1-орунда жүрөк кан тамыр оорулары — 86, 2-орунда онкологиялык оорулар — 43, 3-орунду травма — 23, тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 19, башка себептер — 7ни түздү.

           Балдар кызматы боюнча: Нарын шаары боюнча 2016-жылы 1089 бала төрөлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 59 балага көп төрөлгөн (2015-жылы — 1030). Анын ичинен өлүү төрөлгөнү 14 учур болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 6 учурга өсүш берип (2015-жылы — 8)

Нарын шаары боюнча 2015-жыл 2016-жыл +/-
Баардык төрөлгөнү 1030 1089 + 59
А.и. өлүү төрөлгөнү 8 14 + 6
1 жашка чейин 15 27 + 12
1-2 жашта өлгөнү 2 1 — 1
Кенже балдардын өлүм көрсөткүчү 14,6% 25,1%
1-2 жашка ч.өлгөн балдар өлүм көр. 2,0 0,9
1 жашка чейин ооруканада өлгөнү 2-13,3 12-44,4
1 суткага жетпей ооруканада өлгөнү
Төрөт үйүнөн өлгөнү 12-80,0 14-51,8
1 жашка чейин үйүнөн өлгөнү 1-6,6 1-3,7

               1 жашка чейин өлгөн балдардын саны 15 (14,6%) учурдан 27 учурга көбөйүп, өлүм көрсөткүчү 25,1% түздү: №1 ҮДТобунда — 6 (21,1%), №2 ҮДТда – 7 (21,7%), №3 ҮДТда — 5 (26,5%), №4 ҮДТда — 5 (32,0%) жана №5 ҮДТда — 4 (32,0%) болду. 1-2 жашка чейин өлгөн балдар 1 учур катталып, өлүм көрсөткүчү — 0,9% түздү (2015-жылы 2 учур болгон, 2,0%).

             1-2 жашка чейинки өлгөн бала: №2 ҮДТобунда катталган Садыбакасов Калнур 1 жаш 4 айлык D/S: ОССН.ОДН Остр.двухст.пневмония (J18.9) менен үйүнөн чарчаган (дар. Д.Токторбаева, м/с Орунтаева Г).

               2016-жылы 1-жашка чейин ооруканада өлгөн 12 бала катталып, 2015-жылга салыштырмалуу 10 учурга көбөйгөн. Ал эми 1 суткага жетпей ооруканада өлгөнү 2015- 2016-жылдары катталган эмес.

                1-жашка чейин үйүнөн өлгөн 1 бала катталган (2015-жылы — 1), бул  бала №1 ҮДТнан  катталган: Жасынова Айназик 25 күндүк бала.  D/S: Врожденная пневмония  н/у этиологии (Р 23.8) менен (Дарыгери:  Абдыгазиева Н.). Бул баланын энеси кош бойлуулугу тууралуу көзөмөлдө турган эмес, баласы дагы Нарын шаарында төрөлгөн эмес, Бишкек шаарынын тургундары. Энесинин пропискасы Нарын шаарында болгондугуна байланыштуу өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү Нарын шаарынын ЗАГС бөлүмүнөн каттоодон өткөн.

ҮДТ боюнча алганда:

ҮДТ Төрөлгөнү 1-жашка жетпей өлгөнү Төрөт үйүнөн өлгөнү Үйүнөн өлгөнү Ооруканада өлгөнү Суткага жетпей ооруканада өлгөнү Кенже балдардын

өлүм көрсөткүчү

1-2 жашка чейин өлүм көрсөткүч
2015 2016 15 16 15 16 15 16 15 16 15 16 15 16 15 16
ГСВ№1 311 288 3 6 3 4 1 1 9,8 21,1
ГСВ№2 292 326 4 7 2 1 2 6 13,8 21,7 1
ГСВ№3 183 192 3 5 3 3 2 16,4 26,5
ГСВ№4 128 158 1 5 1 2 3 7,8 32,0 1
ГСВ№5 116 125 4 4 3 4 1 34,4 32,0 1
Шаар боюнча 1030 1089 15 27 12 14 1 1 2 12 14,6 25,1 2-2,0 1-0,9

              Балдар өлүмү, кабылдоолору атайын түзүлгөн штабда каралып, тиешелүү административдик чаралар көрүлүдү. Жыл ичинде жалпы балдар өлүмү боюнча 23 кенже курактагы балдардын өлүм себептери талкулаанып, 4 учуру каралган эмес. Себеби Нарын шаарына көзөмөлгө алынган эмес (М: амбулатордук, өздүк картасы жок). Кенже курактагы балдардын өлүм себептерин жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында:

  1. I. Перинаталдык себептерден – 25 — 86,2%;
  2. II. Дем алуу органдарынын оорулары -2 — 6,8%
  3. III. Тубаса оорулар — 2 — 6,8%.

Кенже курактагы балдардын өлүмүнүн  өсүшүнүн себептеринин бири болуп:

  1. Кош бойлуу аялдардын диспансердик көзөмөлгө кеч отурушу.
  2. Миграциянын көп болгондугуна байланыштуу кош бойлуулар көзөмөлгө алынбай, медициналык кызматкерлерге кеч кайрылуусу өз ден соолугуна кайдыгер кылууда.
  3. Медициналык кызматкерлердин тарабынан кеткен кемчиликтер: дарыгерлердин жетишсиздиги (акушер-гинеколог, педиатр) өз убагында кош бойлууларды диспансердик көзөмөлгө алынбайт ( жалпы кош бойлуулардын саны 1127, анын ичинен 12 жумалыгына чейин 909 же 80,7% түзөт), үй бүлөө пландаштыруу боюнча иш жүргүзүлбөйт, кош бойлуулардын анамнезин толук кандуу тактабай, бөйрөк оорусуна көңүл бурулбай, соплементация жүргүзүлбөйт (нитрофурантаин, фумарат железа, фолиевая кислота, иодомарин);
  4. Ымыркайлар үчүн ылайыктуу заманбап мед. жабуулардын жетишсиздиги Мисалы: ИВЛ, CPAB аппараттары, кислород берүүчү маскалары. Ошол себептен тиешелүү денгээлде медициналык жардам көрсөтүү төмөн болууда.

          Нарын шаары боюнча 2016-жылдын 12 айында 2015-жылга салыштырмалуу жугуштуу оорулар 1,3 эсеге же 694 учурдан 521ге азайган (сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук оорулардан сырткары). Мунун 1,5% башкарылуучу жугуштуу оорулар, 11,1% — сарык, 57,5% — жалпы жугуштуу ичеги карын, 17,4% — мите курт, 7,6%- кургак учук,  2,3% — тери-венерикалык оорулар жана 1,5% — бруцеллез түзөт.

        Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы жугуштуу ичеги карын оорулары (34 -300),  кызамык (115 — 0),  гонорея (9 — 8), бруцеллез (20 — 8), сарык (79 — 58), паротит (11 -8),  энтеробиоз (44 — 38) оорулары азайды. Ушул эле мезгилге сифилис (3 — 4), эхинококкоз (1 — 5), аскаридоз (9 — 23), жаңы катталган кургак учук оорусуна (26 — 40) өсүш берди.

           Нарын шаары боюнча жалпы кургак учук оорусу боюнча 137 (2015-жылга — 106) адам көзөмөлдөө турат. Кургак учук оорусу боюнча 2016-жылга жаңы катталган оорулардын саны — 40,  (2015-жылы 26) былтыркы жылга  салыштырмалуу 14 ооруга көп катталды.

      «Калкты кургак учуктан сактоо» мыйзамдын негизинде кургак учук менен ооруп калган оорулуларга ооруканаларга жана санаториялык дарылоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына 1 жолу төлөп берүү жагы көрсөтүлгөндүктөн, жергиликтүү бюджеттен 50000 сом бөлүнүп берилди.

           Нарын шаарында жалпы сарык оорулары 79 учурдан 58ке интенсивдик көрсөткүч 152,6, былтыркы жылдын 12 айына салыштырмалуу 1,3 эсеге азайган. Анын ичинен сарык оорусунун “А” түрү 76 учурдан 56 га, “В” түрү 3 учурдан 2ге азайган.

       ВИЧ\СПИД боюнча:  2016-жылы Нарын шаары боюнча баардыгы 1560 анализ ВИЧ\СПИДке алынып, 2015-жылга салыштырмалуу 128 учурга азайган (2015-жылы — 1688, 2014-жылы — 1881, 2015-жылы — 1138). Анын ичинен 1562 венерикалык оорулар, 1165 кош бойлуулар, 71 клиникалык көрсөткүчтөрү барлар, анын ичинен 2 бала, 126 медициналык кызматкерлер, кан боюнча реципиенттер — 62 учур, туберкулез — 23 жана башкалар 21 учур болду. 2016-жылы СПИД оорусу менен катталгандардын саны – 15,  анын ичинен 10 эркек, 5 аял. Жаңы катталгандар — 2 учур (2015-жылы -2). СПИД оорусунана каза болгондордун саны — 4, 3 эркек 1 аял.

          Нарын райондук ооруларды алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору: Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүндө шаар  боюнча 331 обьект турат, жыл ичинде алардын 80% текшерүүлөр жүргүзүлгөн, себеби ишкердик кылуучу субьектилерге токтомдун негизинде криетийине жараша 3 жана 5 жылда текшерүүлөр жүргүзүлөт.  Текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен  КРнын Административдик кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык  46100 сомго 36  айып салынып өндүрүлдү жана 2 эскертүүлөр берилген. 64  жумушчу өз убагында дарыгердин кароосунан өтпөгөндүктөн жумуштан убактылуу четтетилип, медициналык кароодон өткөрүлгөн жана толук ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 21 обьект убактылуу жабылган.

           Шаардык билим берүү бөлүмү: Шаардык билим берүү бөлүмү шаарыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарына билим тарбия берүүдө иштеп жаткан  8 мектеп, 7 балдар бакчасы, 2 спорт мектебине жалпы жетекчилик кылат.

          Нарын шаарындагы орто мектептерде 2016-2017-окуу жылында 7559  (2015-2016-ж. — 7392 окуучу) окуучуга 529 мугалим, ал эми балдар бакчаларында 1822 (1822) тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.

           Ремонт иштери боюнча:Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 8 орто мектебинде, 7 балдар бакчасында, 2 спорт мектебине 2016-2017-окуу жылына карата мектеп жана балдар бакчаларга жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 490 500 сом (2015-2016-ж. 710 000 сом), республикалык бюджеттен жалпы суммасы 688 100 сом (2015-2016-ж. 667 100 сом) акча каражаты бөлүнүп берилип, ремонт иштери жүргүзүлдү.

Мекеменин аталышы Каржылоо булактары Которулган акча каражаты Эскертүү
1 Бала бакчаларга Жергиликтүү бюджет 365 000 Ремонт иштерине
2 С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш мектебине Жергиликтүү бюджет 80000 Ремонт иштерине
3 №4 Э.Ибраев о/м Жергиликтүү бюджет 45 500 Спорт залдын терезелерин алмаштырууга
Жалпы

           Мындан тышкары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-2024-жылга чейин Коопсуз мектеп программасы аркылуу №2 В.Чкалов мектеп-гимназиясынын 2-корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 8 млн. сомго 2016-жылдын май айында жарыяланган тендерди «Бейшебай» курулуш компаниясы утуп алып,  гимназиянын терезе, эшиктери толугу менен алмаштырылып, мектептин ички дааратканалары, канализациялары ишке берилип, жылуулук системасы жаңыртылган.

        Ошондой эле программа аркылуу  №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 15 млн. сомго тендер жарыяланып, аны “Коной” курулуш фирмасы 13 млн. 800 миң сомго утуп алып, мектептин терезелери толугу менен пластик терезелерге алмашылып, мектептин сырты шыбалып, краска чачылып, чатыры  алмашылып, сливтери орнотулду.Нарын шаарындагы 8 орто мектептин 1-4-класстарынын 3401 окуучусу ысык тамак менен камсыз кылынды (ар бир балага 10 сомдон). Мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон шарттар түзүлгөн. М.Сыдыков атындагы №7, А.Буйлаш уулу атындагы №8, К.Жакыпов атындагы №5, Э.Ибраев атындагы №4 орто мектептерде МэрсиКО Эл аралык уюму тарабынан берилген продуктылар менен окуучуларга ысык тамак берилди.  
Ысык тамак боюнча
: 2016-2017-окуу жылынын башталышы менен мектептерде жана балдар бакчаларында ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн азык-түлүк  продуктуларын сатып алуу боюнча Нарын шаардык билим берүү бөлүмү мамлекеттик электрондук сатып алуулар порталынан каттоодон өтүп, тендер  өткөрүлүүдө.

       Ошондой эле, Токтогул атындагы №1,  Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясы,    А.Садыков атындагы №9, Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектептеринде чай менен булочка, жумасына эки жолу каша берилүүдө.

         Билим сапаты. Жалпы республикалык тестирлөө. 2015-2016-окуу жылы úчúн өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын  Республикалык  туруна М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин 11-классынын окуучусу Болотбекова Айжаркын англис тили сабагы боюнча 1-орунду (мугалими Исакова Анара), №8 А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Токтобек уулу Бекзат математика сабагы боюнча III  орунду (мугалими Ыштыбаева Клара) камсыз кылышты.ИГА 11-класстын окуучулары үчүн улуттук тест борбору тарабынан өткөрүлгөн тестке 379 окуучу катышып, жыйынтыгында кыргыз тили, орус тили сабактарынан “жакшы”, “эң жакшы” деген бааларга татыктуу болгон 25 окуучу экзаменден бошотулду. “Алтын тамга” орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга орто мектептерден 24 талапкер сунуш кылынып, тест сынагынын жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн талапкерлер “Алтын тамга” аттестатын  алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми 9-классты артыкчылык күбөлүк менен 55 окуучу ала алышты.       Экстернат таризинде В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Дүйшөнби кызы Дүйшөгүл “Академический год в Америке” программасы боюнча Америка Кошмо Штатында окуп келип, 11-классты ийгиликтүү аяктап кетти.

          Жалпы тестирлөөгө Нарын шаарынан 378 окуучу катышып, 110 баллга чейин алгандар 41,6% түзсө, 110 баллдан жогору алгандар 58,4 % түздү. Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Мамытова Жанзат 202 балл алды.

         2016-жылдын 17-декабрында 2016-2017-окуу жылы úчүн предметтик олимпиаданын  шаардык  туру өткөрүлүп,  А.Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби 1-орунду, Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектеби 2-орунду, Токтогул атындагы №1 мектеби 3-орунду, М.Сыдыков атындагы №7 орто мектеби 4-орунду камсыз кылышты.

          Окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында  кылмыштуулуктуу алдын-алуу боюнча  жана  ички жүрүм –турумуна көзөмөл кылуу максатында мектептерге видео камера коюу боюнча тапшырмалар берилген. Видео камера орнотуу   ата-энелерден балдардын коопсуздугун кароо үчүн чогултулуп жүргөн акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлмөк.Азыркы учурда №1 Токтогул атындагы орто мектеби     40000 сомго 8 видео камера, №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин ичи-сыртына 35450 сомго 4 камера, 8 каналдык видеорегистратор коюлган, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин ичи-сыртына 40000 сомго 3 камера, кошумча дагы 13 камера коюу пландаштырылган жана №8 орто мектептин ичине 5, сыртына 1, жалпысы 6 камера жана 16 каналдык видеорегистратор коюлган. №2 Чкалов мектеп-гимназиясында 8 видео-камера 30000 сомго  жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде ичи-сыртына  3 камера 50000 сомго.  №9 А.Садыков   орто мектебинде  сыртына 4 видео камера 27000 сомго коюлган.

           №5 К.Жакыпов орто мектебинде видео камера коюу бир нече жолу эскертилгендигине карабастан бүгүнкү күнгө чейин коюлган эмес.

       Жергиликтүү бюджеттен  ар кандай иш-чараларга жана кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар үчүн жалпысы 350 миң сом бөлүнгөн. Шаардын  мектептеринде билим берүүнүн натыйжалуулугун көтөрүү, окуучулардын сапаттуу, жогорку дэңгээлде билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга жана предметтик олимпиаданын    республикалык турунда I-орун алып келген М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин 1 окуучусуна 2000 сом, окуткан 1 мугалимге 4000 сом, 2-орунду камсыз кылган 1 мугалимге 2000 сом, 3-орунду камсыз кылган 1 мугалимге 1000 сомдон акчалай сыйлык  берилип, жалпысынан 67 окучууга 27-май «акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземинде Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Диплому, ошондой эле  1000  сомдон Нарын шаарынын мэринин стипендиясы тапшырылды. Бул иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 76 миң сом бөлүнүп берилди.

       Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен 52000 сом акча каражаты бөлүнүп, шаарыбыздагы орто мектептердин 17 мугалими Ысык-Кєл облусунун Тору Айгыр айылындагы “Голубая бухта” пансионатына  3 күндүк эс алууга барып келишкен. Социалдык жактан колдоого муктаж 12 баланы “Улан” балдардын ден соолук чыңдоо борборуна жеткирип келүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 9800 сом берилген.

         2016-жыл «Тарых жана маданият” жылына карата мектептер арасында«Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты жаш мугалими», балдар бакчалар арасында“Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынактары өткөрүлүп,алдыңкы орунга ээ болгон катышуучуларга жалпы 50000 сомго баалуу  сыйлыктар тапшырылган.

      Шаарыбыздагы №15 «Бактылуу Балалык» балдар бакчасы тарабынан Кичи Кара-Кужур аймагындагы «Бел» жайлоосуна 2016-жылдын 20-июнунан 20-августуна чейин жайлоо бала бакчасынуюштуруп, 40-45 балага билим, тарбия беришкен. Жайлоо бала бакчасын көчүрүп барып келүү каражаты жергиликтүү бюджеттен чечилип берилген.

     Окуучулардын билим сапатына таасир этүүчү критерийлердин дагы бири болуп мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги болуп эсептелет.Окуучулар кыргыз тилиндеги окуу китептери менен 85%, орус тилиндеги окуу китептери менен 48% камсыз болгон.

Компьютерлер боюнча маалымат:

Мектептердин аталышы. Компьютерлердин саны Кам

сыз болуусу

Факс Ксе-

рокс

 

Прин-тер

 

 

IBM Pentium IV Pentium III
1 №1 Токтогул о/м 21 32% 2 3
2 №2 В.П.Чкалов м/г 38 76% 2 2
3 №4 Э. Ибраев о/м 14 15 30% 1 1
4 №5 К. Жакыпов о/м 6 15 30% 1 1
5 №7 М. Сыдыков о/м 5 20 13 66% 1 1 2
6 №8 А. Буйлаш уулу о/м 25 17 84% 1 2 2
7 №9 А. Садыков о/м 11 22% 1 1
8 №10 Ж. Чолпонбаев о/м 11 22% 1 1
  Баардыгы 25 156 30 45,2% 2 11 13

      Шаардагы социалдык тармактагы көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчаларынын жетишсиздиги. Шаарда жылдан жылга калктын санынын өсүшү менен балдар бакчаларына баруучу балдардын  да саны өсүүдө.

         Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №219-б буйругуна ылайык Нарын шаардык мэриясы тарабынан мурунку мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын кайра кайтарып бала бакча кылуу максатында Нарын шаарынын Ж.Шералиев көчөсүнүн  №227 “а” дарегинде жайгашкан мурунку №4 “Наристе” бала бакчасынын ремонт иштерине 864 миң сом бөлүнүп берилип, 2016-жылдын 17-октябрында ишке киргизилип, бүгүнкү күндө 97 балага билим-тарбия берилүүдө. Алардын тамак ашы үчүн октябрь, декабрь айларына 57000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

       Мындан сырткары  шаарга 150 орунду 3 заманбап балдар бакчасы куруу маселеси жогорку органдарга сунушталып, Нарын облусунун Жол картасына киргизилип келет. №18 “Ак Дил” балдар бакчасына жаңы имарат куруу жергиликтүү бюджеттен 5 млн 520 миң сом, Ага Хан фонду тарабынан 2 млн. 466 миң сом бөлүнүп берилип, жалпы 7 млн. 986 миң сомго 2 тайпалуу бала бакча курулуп, Кыргыз Республикасынын Эгемендүлүүгүнүн 25 жылдыгына карата ишке берилди.

       4-август 2016-жылы орто мектептин соц. педагогдору, аймак башчылары, үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин, ички иштер бөлүмүнүн Ж+ИИсынын инспекторлорунун катышуусунда семинар өткөрүлдү.

      23-ноябрь 2016-жылы тиешелүү мекеме, ишканалардын катышуусунда «Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар, бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчиликтери» деген темада шаардык китепканада тегерек стол болуп өттү. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына аталган темада 110 жаран кабыл алынып, консультациялар берилди.

      Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 18-октябрындагы «Үй бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укук жөнүндөгү» жолугушуунун жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясынын  «Жаштар жана өспүрүм балдар арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө» 2016-жылдын 2-ноябрындагы №386-б буйругу менен иш чаралардын планы бекитилип, тиешелүү мекеме, ишканаларга жеткирилди.

              Калк арасында үй-бүлөнүн жаш бала үчүн маанилүүгү, үйбүлөлүк баалуулуктар, балдарды руханий адептик тарбиялоо, балдардын укуктарын ишке ашырууда ата-энелерлин жоопкерчилиги боюнча ар бир мектепте ата-энелер чогулуштарын өткөрүү боюнча атайын график бекитилип, жолугушуулар пландаштырылган, бирок саясий партиялар ар бир мектепте ата-энелер жана эмгек жамааттар менен үгүт иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ата-энелер чогулуштары  2017-жылдын январь,февраль айларына жылдырылды. Мындан сырткары Нарын телевидениеси аркылуу «Таңкы шоокум» берүүсүндө түз эфиринде маалыматтар берилди.

      Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын иши жөнүндө 2016-жыйынтыгы боюнча кароо жагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын каралуучу маселелерине киргизүү пландаштырылууда.

            Нарын шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу 8 орто мектепте 7 балдар бакчасына барган ата-энеси миграцияга кеткен 378 баланын тизмеси такталып, жеринде үй шарттары текшерилип, балдарды камкордукка алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.

        Нарын шаарындагы орто мектептерде жана бала бакчаларда мигранттардын балдарына карата катаал мамилени  (зомбулукту) четтетүү максатында  «зордук зомбулукка жол жок», «Зордук зомбулукту бирге токтотобуз», «Балдар биздин келечегибиз», «Биз зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка каршыбыз» ж.б. аттуу темаларда  ачык сабактар өткөрүлүп турат. 2015-2016-окуу жылында Нарын шаардык мэриясынын тапшырмалары менен тиешелүү мекеме-ишканалар менен жалпысынан 16 жыйналыш өткөрүлүп, балдарга, ата-энелерге зордук зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

          2016-2017-окуу жылында балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында Нарын шаарындагы орто мектептердин 8-11-класстарынын окуучуларына өтүлүүчү ачык сабактын графиги бекитилип иш алып барылууда.

          2016-жылдын 12 айына  турмуштук оор кырдаалга туш болгон 65 бала аныкталып, лардын жеринде үй-шарты текшерилип, балдардын жана үй бүлөлөргө ар тараптуу балоолор жүргүзүлүп, жыйынтыгында 74 балдарды коргоо боюнча жеке пландар түзүлүп, Балдар иштери боюнча комиссиясы аркылуу бекитилип, көзөмөлгө алынган. 74 пландын 48 планы толугу менен аткарылгандыктан көзөмөлдөн чыгарылды.

          Аталган балдардын укуктарын коргоо максатында балдарды багуу жана тарбия берүү боюнча ата-энелик милдеттерин толук аткарбаган 2 ата-эне сот аркылуу укуктарынан ажыратылып,  2 жаш өспүрүм  «SОS Киндердорф  Интернациональ» эл аралык кайрымдуулук уюмуна жайгаштырылды.

       Нарын шаардык мэриясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын 2016-жылдын 12 айында 21 отурум болуп, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 26 сунуш, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан 20, жалпы 46 сунуш өз убагында каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

         2016-жылдын 12 айында  4 бала табылгандыгы аныкталып, Балдар иштери боюнча комиссиянын макулдугу менен убактылуу камкорчулар дайындалды.

         Саламаттык сактоо мекемелеринде «ишеним телефондору» жана «анонимдик кутучулар» көрөнүктүү жерлерге илинип, ай сайын каралып турат.  8 орто мектептерде жана №87 КЛинде Нарын ШИИБнүн, мэриянын, прокуратуранын, балдарды коргоо бөлүмүнүн ишеним телефондору жана deti-zashita.ru электрондук почта ачылган.    Мындан тышкары «111» республикалык ишеним телефонунун номери дагы илинген.

         Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын ишеним телефонуна 1 билдирүү түшүп, ал боюнча тиешелүү текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

         Нарын шаарындагы «Аруу Тилек» реабилитациялык борборуна турмуштун оор кырдаалына кабылган балдар үчүн жана ар кандай себептер менен келип түшкөн балдарга 3 сааттан 5 суткага чейинки аралыкта жуунтуп, тамак берип, эс алдырып, баланын коопсуздугумаселеси чечилгенге чейин борбордо сакталып турат.

      Күч колдоонуудан жана катаал мамиле жасоодон жабырланган балдарга  жардам көрсөтүү борборлорун ачуу максатында «Аруу Тилек» борборуна Мамлекеттик социалдык заказ мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 2016-2017-жылдарга 700000 сомго колдоого алынып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон 16 баланы убактылуу борборго жайгаштырылды.

          Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы: Нарын шаары боюнча 2016-жылдын 1-январына карата  1266 аз камсыз болгон үй бүлөгө, же 2257 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелген болсо, 2017-жылдын 1-январына карата 1194 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 2132 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелип, башкача айтканда 72 үй-бөлөгө же 225 балага азайган. Аталган жөлөкпул алуучу үй бүлөнүн санынын азайышына Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2014-жылдын                                   4-июнундагы №308 токтомунун талабына ылайык жөлөкпулдун бул түрүнүн бала 18 жашка чейин гана төлөнүшү  жана жөлөкпулдун даректүү чектелиши түрткү болду.

2016-жылдын 1-январына карата  сумма 87 807 600  сом түзсө, 2017-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулд төлөөгө керектелүүчү жалпы сумма 94 894 300 сомду түзүп, 7 086 700сомго  көбөйгөн.

            Ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 2016-жылдын 1-январына карата 1357 адамды түзсө, 2017-жылдын 1-январына карата 1309 адамды түзүп, 32 адамга азайган. Азайганын себеби, МСЭКТин корутундуларынын мөөнөттөрү келип токтоп турат.  Социалдык жөлөкпулга керектелүүчү сумма 2016-жылдын 1-январына карата  52 896 400 сомду түзсө, 2017-жылдын 1- январына карата 53 976 200  сомду түзүп, 1 079 800  сомго көбөйдү. Социалдык жөлөкпулдун суммасынын көбөйүшүнүн себептери болуп, жылдан жылга бала кезинен майыптардын 18 жашка чейинки бала кезинен майыптардын жана шал оорусу менен ооругандардын, багуучу адамынан ажырагандардын, пенсия алууга укугу жок ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өсүшү жана жөлөкпулдун көтөрүлүшү болуп саналат.

           Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2016-жылдын 1-январына  карата  акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 511 жаран болсо, 2017-жылдын 1-январына карата акчалай компенсация алууга укуктуу деп таанылган 506 жаран болуп, 5 адамга азайган. Ал эми керектелүүчү сумма 2016-жылдын 1-январына карата 11 060 700 сом чектелсе,  2017-жылдын 1-январына карата 10 812 600 сомду түзүп, 248 100 сомго азайган.

         Жергиликтүү бюджеттен жеңилдиктер статьясынан 968 700 сом каралып, мыйзам чегинде каржыланып, почта кызматы 1,3 пайызын кошуу менен төлөөлөр жүргүзүлдү.  Алсак,

— Жоокер интернационалисттердин ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 26-жылдыгына карата 43 адамга 1000 сомдон  жана курман болгон 1 жоокердин үй-бүлөсүнө 3000 сом, жалпысы  почта кызматынын 1,3 пайызы менен 46600 сом;

— 26-апрель  Чернобль атомдук электрстанциясынын кыйрагандыгынын 30-жылдыгына карата 21 адамга 2000 сомдон 42000 сом, 4 жесирине 3000 сомдон 12000 сом, бардыгы почта кызматынын 1,3 пайызы менен 54700 сом жана мэриянын резервдик фондунан Бишкек шаарындагы иш-чарага катышып келүү үчүн 2 адамга 2000 сом, жалпысы 56700 сом;

— 9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун 2 катышуучусуна 3000 сомдон 6000 сом, 8 оруктун катышуучусуна 1000 сомдон, 8000 сом,  почта кызматынын 1,3 пайызы менен 14200 сом берилди. Жергиликтүү бюджеттен 9-май күнү Нарын шаарындагы иш-чара мэриянын резервдик фондунун эсебинен 50000 сомго өткөрүлдү.

— 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 44 балага 500 сомдон 22000 сом, почта кызматынын 1,3 пайызы менен 22300 сом, иш-чараны өткөрүүгө мэриянын резервдик фондусунун эсебинен  10000 сом чечилип берилди. Жалпысы 32300 сом.

— 1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата 192 улгайган адамдарга 48000 сом, почта кызматынын 1,3 пайызы менен 48600 сом жана мэриянын резервдик фондусунун эсебинен  26 адамга үйлөрүнө барып азык-түлүктөн жардам 30000 сом. Жалпысы 78600 сом;

— 26-октябрь Баткен согушунун эскерүү күнүнө карата 82 катышуучусуна ар бирине 1000 сомдон 82 000 сом, курман болгон жоокердин  үй-бүлөсүнө 3000 сом бардыгы 85 000 сом, почта кызматынын 1,3 пайызы менен 85 100 сом;

— 3-декабрь Майыптардын Эл аралык күнүнө карата 310 адамга 93000 сом, почта кызматынын 1,3 пайызы менен 94200 сом,   мэриянын резервдик фондусунун эсебинен үйүндө баспай жаткан аз камсыз болгон ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 11 жаранга 1000 сомдон 11000 сом, 2 коомго 2000 сомдон 4000 сом, бардыгы  15000 сом, жалпысы 109200 сом. Облустук масштабда Жаштар сарайында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын катышуусунда чоң программадагы концерт даярдалып, өткөрүлүп, каалоо багы уюштурулуп, облустук, шаардык, райондук мекемелердин жетекчилери алып, каттарда жазылган каалоолорун аткарышты.

— Сөөк коюуга расымдык жөлөкпул 36 адамга почта кызматынын 1,3 пайызы менен 76760 сом;

— Жергиликтуу бюджеттен 2015-2016-жылдын кыш айларына карата көмүрдүн ордуна акчалай компенсация 468  үй бүлөгө ар бирине 1000 сомдон, почта кызматынын 1,3 пайызы менен жалпысы 474100 сом акча каражаты каралып, ведомостор почта байланыш бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, төлөөлөр жүргүзүлдү.

— Нарын шаардык мэриясына аз камсыз үй-бүлөлөр, жардамга муктаж, ден-соолугунун мүмкүнүчүлүгү чектелген жарандардан материалдык жардам сурап кайрылган 36  адамга 54000  сомдон  жардамдар берилди.

            Ал эми, 2016-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан тартылып келген 100тн.090 кг. көмүр  шаардагы каттодо турган аз камсыз, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  200 үй бүлөнүн ар бирине 500кг. көмүр таратылып берилди.

          Ошондой эле, шаардык мэриянын көрсөтмөсүнө ылайык шаардын мектептеринде  окуган, бала бакчаларда тарбияланып жаткан  633 аз камсыз болгон, тоголок  жана жарты жетим балдардын жана  эмдөө  алуудан баш тарткан (ата-энеси тараптан) балдарга  атайын түзүлгөн комиссия менен бирдикте үймө үй кыдырып, атайын бекитилген формада жеринде барып акты түзүлүп, жашоо шартынын абалына, ата-энесинин паспорттору, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар экендигине  тактоолор жүргүзүлүүдө.

            01.012017жылга карата 401 үй бүлө кыдырылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок 15 бала болуп, 14 балага алынып берилди, паспорту жок 9 ата-эне жана ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан 30 бала аныкталып, тиешелүү адамдардын катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

       2017-жылдын 1-январына карата  4701 үй бүлөгө башкача айтканда шаардагы түтүндүн 50,0 пайызына жаңы үлгүдөгү социалдык паспорт толтурулган. Мунун ичинен жан башына кирешеси 0 сомдон 1465 сомго чейин өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 2530, 1465 сомдон 2485 сомго чейин жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 1076, 2485 сомдон жогору 1095 үй-бүлөнү түзөт. Жакырчылыктын деңгээли 38% түзөт. Каттоодо тоголок жетимдердин саны 45, жарты жетимдердин саны 261, социалдык жетимдердин саны 22 бала.

        Толтурулган социалдык паспорт боюнча 2017-жылдын 1-январына карата багып каралашууга адамы жок  жалгыз бой улгайган пенсионерлердин жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жарандардын саны 43 адамды түздү.

        Иш менен камсыз кылуу: 2017-жылдын  1-январына карата 1528 жумушсуз  атуулдар каттоодо туруп, жумушсуздуктун деңгээли 8,2 пайызды түзөт.

           2017-жылдын 1-январына  карата Нарын шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында жумуш издеп каттоодо тургандардын жалпы саны 1820 адам, мунун ичинен 1528 адам расмий жумушсуздук статусу бар катары каттоодо турат. Жумушсуздардын структурасында 47% аялдар, жана 53% 14 — 28 жашка чейинки жаштар түзөт.

         2016-жылдын январь-декабрь отчеттук мезгил ичинде ишке жайгаштыруу өтүнүчтөрү менен жалпысы 1664 адам кайрылган. Мунун ичинен жумуш издеп каттоодон өткөндөр 709 адам, жана эмгек базары боюнча тиешелүү консультация алгандардын саны 874 адамды түздү. Отчеттук мезгил ичинде жумуштан бошогон 32 атуулга жумушсуздук боюнча пособиеси чектелди жана 2017-жылдын 1-январына  карата 6 адам жумушсуздук пособиесин алууда.

      Эмгек рыногунда жумушсуздарга иш издөөгө көмөк көрсөтүүдө жана бош вакансияларды аныктоодо жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып барылууда. Отчеттук мезгил ичинде 65ке чукул жумуш берүүчүлөр менен активдүү иш жүргүзүлүп жумушсуздардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүлүүдө. Тактап айтсак, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан 2016-жылдын январь-декабрь отчеттук мезгил ичинде 289 бош жумушчу орун (вакансия) аныкталып,  микрокредит алгандардан сырткары 271 жумушсуз атуул ишке орноштурулду, булардын ичинен 85 пайызы жеке менчик мекеме, ишканаларга, 15 пайызы мамлекеттик сектордогу мекемелерге орноштурулду.

          Ишкердикти колдоо боюнча жумушсуз 18 жаранга 497000 сом микрокредит берилди.

        Катоодо турган жумушсуз жарандарга мамлекеттик кызматтардын негизинде көмөк көрсөтүү максатында  отчеттук мезгил  ичинде активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөнүүчү  жумуштарга, кесиптик окутууга, жумушсуздарга чакан насыя берүү) бардыгы 272 жумушсуз жарандар тартылган, 2015-жылга  салыштырмалуу 113 пайызга жогору болду (239 адам).

         Жумушсуздардын ишке ороношуу мөмкүнчүлүгүн  көбөйтүү багытында 2016-жылдын январь-декабрь отчеттук мезгил ичинде кесиптик окууга жана кайра даярдоо кыска мөөнөтүү курстарына 109 жумушсуз жаран жиберилди.

        Жумушсуз жарандар отчеттук мезгил ичинде төмөндөгү 5 кесип боюнча окуу курстарынан өтүшүүдө электр ширетүүчү (24 адам), ашпозчу (30 адам), тигүүчү (15 адам), компьютерди колдонуу курсунда (15) жана чач тарач (10). Кесиптик окууга жиберилген жумушсуздардын 80 пайызы кесиптик-лицейлерде жана 20 пайызы башка окуу жайларда окутулууда. Кесиптик окууга жиберилгендердин 50 пайызын жаштар түзөт жана окуусун аяктагандардын ичинен 36 жумушсуз атуул жумушка орноштурулду.

      Активдүү саясаттын бирден-бир приоритеттүү багыты жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыз кылуу боюнча акы төлөнүүчү  коомдук жумуштарды уюштуруу болуп саналат жана бул багыт социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

       2016-жылдын январь-декабрь айларында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 145 жумушсуз жарандар жиберилген жана өткөн 2015-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге  жогору болду.

         Жумушсуз жарандар Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине (32 адам),  Таза Нарын ишканасына (16 адам), мектептин ремонт иштерине (15 адам), КР Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына (2 адам), Нарын райондук «Кыргызпочта» ишканасына (6 адам), Нарын райондук маданият үйүнө (6 адам), «Күн-Чырагы» коомдук бирикмесине (8 адам), Нарын жаштар ордосуна (2 адам), Нарындын Жаш Лидерлер коомдук бирикмесине (11), «Тагдыр» коомдук фондуна (11), Нарын шаардык турак жай башкармалыгына (9), акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылды жана ар кандай башка жумуштарга  (27 адам) активдүү  катышышты.

        Жумуш издөөчүлөргө тиешелүү деңгээлде кызмат көрсөтүү менен бирге жумушсуздардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү  жана маалымат аянтчасын түзүү максатында башкармалык  тарабынан «Вакансиялар жарманкеси» уюштурулду.

     2016-жылдын 23-майында Нарын шаарында жумушсуз жарандарга, мектептин, жогорку, орто окуу жайлардын студенттерине жана бүтүрүүүчүлөр үчүн  Нарын мамлекеттик университети жана №87 Кесиптик лицей менен бирдикте бош жумушчу орундар жана кесиптер жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Нарын шаарында жайгашкан мекеме-ишканаларынын, ЖМКнын өкүлдөрү катышышты. Жарманкеде жумуш издөөчүлөргө 40дан ашык бош орундар сунушталды: Бишкек шаарынан 20дан ашык, Россия Федерациясынан 10. Мындан тышкары №87 Кесиптик лицейи, Нарын Мамлекеттик Университетинен факультеттеринин өкүлдөрү  бүтүрүүчүлөр үчүн окуу жайдын кесиптери тууралуу кеңири маалымат беришти. Жалпысы жарманкеге 80ден ашуун адам келип маалымат алып кетишти.

      Коомдук акы төлөөнүүчү жумуштардын негизинде ишке ашырылуучу долбоорлор быйылкы жылы аткарылган жок. Себеби, Кыргыз Республикасынын  Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлүп, жобо кеч иштелип чыккандыктан, аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок деп түшүндүрүүдө.

            Нарын райондук Социалдык фонд башкармалыгы: 2015-жылы  пенсия алуучулардын саны 7800 адам түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 43,4 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 5568 сомду түзгөн болсо, 2016-жыл ичинде Нарын шаары боюнча пенсия алуучулардын саны 7835 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 47,8 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 6096 сомду түзүп, башкача айтканда 35 адамга 1 айга керектелүүчү акча каражаты 4,4 млн сомго, пенсиянын өлчөмү 528 сомго көбөйгөн.

             2016-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу взносун чогултуу планы 2015-жылы 422,7 млн. сом бекитилсе, 453,7 млн. сом чогултулуп, план тапшырма 113,8% аткарылса, 2016-жылы 482,6 млн. сом бекитилип 516,6 млн.сом чогултулуп,  план тапшырма 107,1 % аткарылды.

           2016-жылдын 1-январына карата Нарын райондук Социалдык фондунун башкармалыгына  камсыздандыруу взносторун оз убагында төлөбөй, карыздары өсүп жаткан мекемелерге төмөнкүлөрдү атасак болот:

Нарын турак-жай башкармалыгы                        820,3 сом

ОсОО «Шир»                                                               370,7 сом

Шаар боюнча баардыгы                                          1191,0   мин сом

          Нарын шаардык маданият бөлүмү:Бөлүм шаар аймагында өткөрүлгөн маданий- массалык иш-чараларды уюштурууда көмөк көрсөтүп иш жүргүзүп келет. 2016- “Тарых жана маданият” жылында белгиленген ири масштабдуу маданий-массалык иш-чаралар Сөң-Көл жайлоосундагы Тайлак Баатырдын 220 жылдык мааракеси, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын  уюштурууда Нарын шаары активдүлүүгүн көрсөтүп, Тайлак-Баатырдын 220 жылдык мааракесинде “Достук” ордосун мыкты чыгармачылык жасалгаланы үчүн 1-орунду камсыз кылды. Мындан сырткары жергиликтүү деңгээлде көптөгөн тарыхый окуяларды чагылдырылган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. +ткөрүлгөн иш-чараларда өзүлөрүнүн демилгелери жок, Тарых жана маданият жылы  түздөн түз маданият тармагына тиешелүү болсо дагы, алгылыктуу иш-чара өткөрүлгөн жок.

         Маданият бөлүмү тарабынан өздөрүнүн атайын эсептик счетуна жыл ичине 50 000 сом түшүрүү бекитилсе  2016-жылда карата 21 500  сом түшүрүлгөн. Ал эми 2015-жылы 3600 сом гана түшкөн. 2017-жылы аталган бөлүмгө атайын формаларды жаңыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин мурунку имаратына көчүп жайгашуу, чыгармачылык изденүү менен иштөө милдеттери коюлууда.

        Нарын шаардык Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби: 2015-2016-окуу жыл ичинде музыкалык мектептеп 213 окуучу окуп, 24 мугалим эмгектенди.  30 окуучу музыкалык кесипке ээ болушуп, мектепти ийгиликтүү аякташты. Балдарга музыкалык аспаптарды үйрөтүүдө 8 бөлүм иш алып барып келишет (Эл аспаптар, фортепиано, баян, кошумча аспаптар, хор, сольфеджио, муз. адабият, кыргыз муз. адабият). 2016-2017-окуу жылында 216 окуучу музыкалык аспаптарды үйрөнүп, билим алып жатышат.

      Жаз айлары менен ири долбоор ишке ашып, 2016-жылдын март айларында  “Имарат Прогресс” курулуш компаниясы тендерден утуп, музыкалык мектептин курулуш иштери башталып, 2 кабаттуу музыкалык мектептин курулуш иштери кыска убакытта сапаттуу бүткөрүлүп, күз айларында пайдалуунуга берилди. 2016-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбековдун катышуусунда расмий түрдө  ачылды. Долбоордун жалпы наркы 47,5 млн. сомду түзүп, толугу менен республикалык бюджеттен каржыланды. Жаңы музыкалык мектепте музыкалык билим алуу жана аспаптарды үйрөнүү үчүн толук шарттар түзүлгөн.

         Музыкалык мектеп көптөгөн облустук, республикалык кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келишти. Белгилей кетсек “Жаш талант-2016” облустук кароо-сынакта фольклордук ансамбли 1-орунду, үйлөмө аспап боюнча Төлөнбек кызы Уланса  2-орунду камсыз кылышкан.Ошондой эле 2-дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылышында “Маш-Ботой” күүсүн черткен 1000 комузчуну  Ж.Шералиев атындагы музыкалык искусство мектебинин  17 комузчусу да толуктаган. Окуучулардын эмгектери бааланып Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ар бирине ыраазычылык каттар тапшырылды.

           Нарын шаарынын аймагында спорт тармагында  шарттарды жакшыртуу  жана спорттук инвентарларды жаңыртуу боюнча  бир катар иштер жүргүзүлүп келе жатат.

        Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү: Жыл башынан бери калкты массалык спортко тартуу жана кеңири катыштыруу максатта спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп өткөрүлдү.  2016-жыл  ичинде жергиликтүү бюджеттен 585 597 сом спорттук мелдештерди уюштурууга жана катышып келүүгө жумшалган (2015-жылы 347 401 сом).

          Кышкы спорттун түрү боюнча ири долбоор ишке ашып, шаардын борборуна заманбап эл аралык деңгээлдеги муз аянтчасын салууга жер аянты бөлүнүп,    муз аянтчасынын курулуш иштери жүргүзүлүп, .дүйнөлүк стандартка туура келген муз аянтчасынын үстү жабылып, 2015-2016-жылдын кыш айларында суу куюлуп, муз тоңдурулуп иштеди. Ал эми муз аянтчасынын  жай-кыш айларында иштөө үчүн 2016-жыл ичинде курулуш иштери толугу менен аяктап, 2017-жылдын январь айынын аягында ачылыш аземи күтүлүүдө. Доолбордун жалпы наркы 85 млн. сом деп бааланууда.

      Ошондой эле шаардык мэрия тарабынан жер аянты бөлүнүп берилип, борбордук”Ала-Тоо” стадионун айланасына демөөрчүлөрдүн жардамы менен заманбап 2 футбол аянтчалары курулуп, 2016-жылдын 31-август күнү пайдалуунуга берилди.

     Нарын шаардык С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинде 270 бала эркин күрөш менен машыгып, ар кандай спорттук мелдештерге катышып келишет. Аларды 12 машыктыруучу тарбиялайт.

             2016-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүүгө жана спорттук мелдештерге катышып келүүгө 450 000 сом бөлүнүп берилген (2015-жылы – 350 000 сом). Андан сырткары, спорт мектептин сыртын оңдоп түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом чечилип, мектептин эмгек жамаатынын күчү менен маңдайкы терезелери алмашылып, имараттын сырткы келбети түстүү болуп акталып, сырдалды.

          Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш мектебине спорт комлекс куруу боюнча шаардын чыгыш бөлүгүнөн Нарын шаардык мэриясы тарабынан 3000м2  жер тилкеси бөлүнүп берилип, ОсОО “Азия Строй Сервис” курулуш компаниясы курулуш иштерин учурда аяктап, үстүбүздөгү жылдын январь айынын акыркы жумасында расмий түрдө ачылмакчы. Долбоордун  жалпы наркы   29млн. сомду түзүп, толугу менен республикалык бюджеттен каржыланып, жаңы спорттук инвентарлар менен камсыздалмакчы.

             Спорт мектептин  машыгуучулары облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерде ийгиликтерди багынтып келе жатышат.Атап айтсак Замир кызы Ажар Казакстан республикасында өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду камсыз кылды. 2016-жылдын июль айында Россия өлкөсүндө эл аралык спорт оюндарында Чоробек уулу Кылымбек 5-орунду ээлеген. Жеңишбек кызы Айжаркын Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү, Астана шаарында Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы олимпиадага катышуу үчүн ат салышкан.

                Нарын шаардык балдар-уландар мектеби спорттун 5 түрү (волейбол, баскетбол, стол үстүндөгү тенниси, шахмат, грек-рим күрөш)  боюнча 418 жаш өспүрүм балдарды 13 машыктыруучу машыктырып, тарбиялап келишет.2016-жылы спорттук мелдештерди уюштуруп өткөрүүгө жана спорттук мелдештерге катышып келүүгө жергиликтүү бюджеттен 500 000  сом бөлүнүп берилген (2015-жылы — 300 000 сом).

               Буга чейин балдар-уландар спорт мектебинин имараты жок болгондугуна байланыштуу жана баскетбол, волейбол оюндарын өркүндөтүү үчүн шарт түзүү максатында Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо (ФОК) борбору шаардык мэриянын 2016-жылдын 20-январындагы 14-б буйругу менен Нарын шаардык балдар-уландар спорт  мектебине оперативдик башкаруу укугу менен ижарага берилген. Ошону менен бирге ден соолукту чыңдоо борбору мекеме, ишканаларга ижарага берилип,  чогулган акча каражаттын эсебинен 61 000 сомго ремонт иштери жүргүзүлгөн. Андан  сырткары бүгүнкү күндө спец.  счетто 99 000  сом турат. Кыш айларында спорттук иш-чараларды өткөрүү кыйынчылыктарды жараткандыктан 2017-жылга жылытуу системасын киргизүү зарылчылыгы болууда.

                Спорт мектептин  машыгуучулары облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерде ийгиликтерди багынтып келе жатышат.Белгилей кетсек, 2016-жылдын 19-майынан 31-майына чейин өткөрүлгөн балдар жана кыздар арасындагы шахмат оюну боюнча  Кыргыз Республикасынын Президентинин II-кубогунда Ажыгулов Нурмат 2-орунду, Жолдошбек кызы Адинай 3-орунду камсыз кылышкан. Жаш спортсмендерди колдоо максатта шаардык мэрия тарабынан  атайын диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

                Окуучулардын катышуусунда 2016-жылдын эң масштабдуу иш чараларынын бири Республикалык Спартакиаданы уюштуруп өткөрүү болуп, шаардык мэриянын атайын иш-планы бекитилип, 2016-жылдын 3-майынан 8-майына чейин спорттун 6 түрү боюнча өткөрүлдү. Спартакиданын ачылыш аземи борбордук «Ала Тоо» стадионунда болуп,  жалпысы республика боюнча 450 окуучу катышты. 5 күнгө созулган спорттук мелдештердин жыйынтыгында Нарын облусунун командасы 4-орунду камсыз кылышты.

            Нарын шаардык мэриясынын жалпы секторунун 2016-жыл  ичинде аткарылган иштери тууралуу

            2016-жыл  ичинде жалпы 1460  иш кагаздары келген, ал эми  2147   иш кагаздары   чыгышталган, жалпы 632 кайрылуу түшкөн, мунун ичинен: 307  жазуу жүзүндө, 6 электрондук кайрылуу, коомдук кабылдамада мэрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусунда   216 жаран болуп, 93 ооз эки   жана ишеним телефонуна 10 кайрылуу келип түшкөн.

             2016-жыл ичинде  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан — 13, КР Ѳкмөтүнүн Аппаратынан -2, Кыргыз Республикасынынын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан  66, шаардын жашоочуларынан 226  арыз даттануу келип түшкөн.

       Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнөн, Жогорку Кенештен- 24, министрликтерден, мамлекеттик агентстволордон. ведомстволордон -170 , Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан-670, облустук мекеме-ишканалардан 161, шаардык мекеме-ишканалардан  395, телефонограмма-40 бардыгы 1460 иш кагазы келип тушкөн. Аткарылганы- 1414, аткарууда турганы – 46.

         2016-жыл  ичинде документтердин айланышы (документооборот) 12503 бирдикти түздү.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий