Нарын шаарынын мэри болуп Алымкулов Эмилбек Абдыраимович шайланды.
Э.А.Алымкуловдун эмгек жолу:
Алымкулов Эмилбек Абдыраимович 1966-жылы туулган, улуту кыргыз, билим жогорку.
Алымкулов Эмилбек Абдыраимович өзүнүн эмгек жолун 1988-жылы Тянь Шань районуна караштуу Коммунизм колхозунда зоотехник-селекционер болуп иштөө менен баштаган.
1989-жылы ушул эле колхоздо башкы зоотехник болуп эмгектенген.
1993-1994-жж. чейин Госплемзаводдо башкы зоотехник;
1995 -1997-жж. — «ТАСИЗ -3»эл аралык проектисинин Нарын облусу боюнча консультанты;
1997-1998-жж. Хельветас ПО Швейцариялык долбоорунун Нарын облусу боюнча башкы консультанты;
1998-2003-жж. Тянь Шань госплемзаводунда директор;
2003-2007-жж. «УЛАР» дыйкан чарбасында директор;
2007-2009-жж. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары;
2009-2010-жж. Ак Талаа мамлекеттик администрация башчысы-аким;
2010-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысысын 1-орун басары;
2010-2011-жж. Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басарынын милдетин аткаруучу;
2011-2012-жж. Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары;
2012-2014-жж. КРнын Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу Ѳкүлүнүн 1-орун басары;
2014-2016–жж. « Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКнын башкармалыгынын мүчөсү, аппарат жетекчиси болуп иштеп келген.