Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

 Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!

IMG_5329Жаратылыштын жаңылануусун, жандануусун жар салган, кыргыз элибиздин тарыхы менен бирге кылым карыткан, ыйык Нооруз майрамыӊыздар менен Нарын шаардык мэриясынын жана жеке ɵзүмдүн атымдан  чын жүрɵктɵн куттуктаймын!

Бул күнү, күн менен түн теӊелип, табигат ойгонгон мезгил. Ноорузду ата — бабаларыбыз: «Жаӊы күндүн майрамы», —  деп белгилеп келишкен. Азыркы күндɵ  Нооруз – берекенин, сабырдуулуктун, тазалыктын жана ынтымактын, кечиримдүүлүктүн майрамы катары белгиленип келе жатат.

Ноорузда ата-бабалар кайнаткан сүмөлөк бүгүн да кайнатылып, таттуу кыялдар менен алдыда берешен, бакубат турмуш болсун деген тилектер айтылууда. Быйылкы кыш узакка созулуп, жааган калың кар кыймылдабай жатса да, жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин, алдыбыздагы турган милдеттерди аткарууда ишибизди ийгиликтер коштоп, элибиздин үмүт тилектери акталып, ушул жылы өлкөбүз, анын ичиндеги кичинекей шаарыбыз өнүгүп-өсүүнүн кана үстүндө болуусуна тилектешмин.

Ѳзүңүздөргө  белгилүү болгондой Президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршенович быйылкы жылды – “Адеп, ыйман, маданият” жылы деп жарыялады. Жарлыкта Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экендиги айтылат.

Адептүүлүк, маданият, ыймандуулук тарбия аркылуу келери талашсыз. Бул мамлекетти, жаштарды, жалпы эле адамзатты өнүктүрүүнүн маанилүү бир бөлүгү. Биз руханий дөөлөтүбүздү ыймандуулук, адептүүлүк жана  маданияттуулук аркылуу жогорку деңгээлге чыгара алабыз, үч маселе тең бири-бири менен терең байланыштуу десем жаңылышпаймын. Аталган жылды шаарда татыктуу өткөрүү үчүн Нарын шаардык мэриясы тарабынан иш-чаралардын планы  түзүлүп, иш-аракеттер кɵрүлө  баштады. Учурдан пайдаланып, ага жарандык коомдун өкүлдөрүн, жалпы  шаар тургундарын активдүү  катышууга чакырамын.

Ардактуу шаарыбыздын тургундары, Нооруз майрамыӊыздар кут болсун! Ар бириӊиздердин үйүӊүздɵргɵ  кут конуп, ишиӊиздерди ийгиликтер коштоп, элибизге ынтымак, бакыт, бейкут жашоо каалаймын. Теӊиртоолуктар ар дайым меймандос, кеӊ пейил, кɵтɵрүмдүү  деген атка татыктуу болуп  жүрɵ беришиңиздерге тилектешмин!

       

Share

Добавить комментарий