НАРЫН ШААРЫНДА ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 8-ноябрда Нарын шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Митинг-реквием Нарын шаарындагы Т.Жукеев-Пудовкин атындагы скверде өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 231 Жарлыгынын негизинде, 7 жана 8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” деп  жарыяланган.

Президент А.Атамбаевдин демилгесинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяга басым жасалып, бүгүн 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясы, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана 1937-1938-жылдарда репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилди.

Аталган иш чарага облус башчысы А.Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышышты.

Эскерүү митинги тунгуч революционер Таабалды Жукеев-Пудовкиндин эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталды.

Иш чараны Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов ачып, ал өз сөзүндө өткөн тарыхка кайрылды. Улуу Октябрь Социалисттик революциясы Кыргызстандын тарыхында айрыкча ролду ээлегендигин айтып, андан бери 100 жылга караган революция Советтер Союзундагы элдин мамлекеттүүлүгүн сактап, социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү деп билдирди ал өз сөзүндө. Ошондой эле ушул тарыхый күнү биздин мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө салым кошкондорго жана элибиздин эркиндиги үчүн өмүрүн бергендерге таазим кылып, тарыхка аяр мамиле  кылууга чакыруу менен  бирге, тарыхый окуялардын  кыргыз элине берген маанисин көбүнчө жаштарга, мектеп окуучуларына, студенттерге тереңирээк жеткизүү зарыл экендигин белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө элибиздин эркиндиги үчүн күрөшүүдө жана азаттыкты орнотуу үчүн курман болгон ата-бабалардын арбагына багышталып куран окулуп, эскерүү минутасы жарыяланды.

IMG_3597 IMG_3598 IMG_3599 IMG_3603 IMG_3604 IMG_3605 IMG_3616 IMG_3618 IMG_3621 IMG_3628 IMG_3629 IMG_3632 IMG_3634 IMG_3636

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий