
Эта галерея содержит 10 фотографий.
Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Канада Ѳкмөтүнүн өкүлдөрүнө Нарын шаарында 2014-2017-жж. ишке ашкан долбоорлор боюнча кыскача презентация сунушталды. Жалпы ишке ашкан долбоорлор боюнча MSDSP KG коомдук бирикмесинин өкүлү Ч.Сапарова билдирүү жасады. Анда ал 12 адамдан турган Координациялык Кеңештин курамы 21 адамга чейин көбөйгөндүгүн жана ага жарандык коомдун өкүлдөрүнөн көбүрөөк жаран…
Канада Ѳкмөтүнүн өкүлдөрүнүн Нарын шаардык мэриясына болгон сапары Нарын шаардык мэриясынын алдындагы ГИС-кабинет менен таанышуусу менен улантылды. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 300 миң Канада доллары жумшалган. Система муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине маалыматтык базадан каалаган объект тууралуу керектүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Инновациялык башкаруу ыкмаларын киргизүү менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын…
30-майда Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов Канадын Ѳкмөтүнөн келген өкүлдөрдү Ж.Сараватти жана К.Мортан айымдарды, MSDSP KG коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды. Алгач шаар мэри шаарда аткарылып жаткан долбоорлор менен таанышууга келген меймандарга терең ыраазычылык билдирип, шаар тууралуу жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашып жаткандыгы жөнүндө кыскача маалымат берип өттү. Анда 2014-жылдан бери…