КУЛАКТАНДЫРУУ!

Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын борбордук аянтын кайрадан жасалгалоо үчүн эскиздик долбоорлордун сынагын жарыялайт. Долбоорлордун эскиздери 2014-жылдын  14-ноябрынан 22-декабрына чейин кабыл алынат. Сынактын баш байгеси 50 000 (элүү миӊ) сом. Сынакка бардык атуулдар катыша алышат. Суроолор боюнча байланыш телефондору: 5-14-45, 5-14-43.

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

ЖАРЫЯ !

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!          Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иш аракеттери башталганына жана  кварталдык  комитеттердеги чарба китептер жащыртылып, автоматташтырылган түргɵ ɵтүп жаткандыгына байланыштуу, жашаган үйӊүздүн техникалык паспортунун, үй-бүлɵ мүчɵлɵрдүн  паспортторунун жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбɵлүктɵрүнүн кɵчүрмɵлɵрүн, тиешелүү кварталдык комитеттерге, 2014-жылдын 1-октябрына чейин, тапшырууӊуздар зарыл экендигин маалымдайбыз.         …

Толук окуу

Ж а ры я !

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары! Кыргыз Республикасында шайлоо процессин  ɵркүндɵтүү, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорду жана андан кийинки шайлоолорду ак ниет жана айкын ɵткɵрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы №242-б буйругуна, Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жүргүзүү жɵнүндɵгү 2014-жылдын 16-январындагы №1 чечимине …

Толук окуу

Кулактандыруу!

Нарын шаардык мэриясы 2014-жылдын 18-мартындагы №85-б буйругуна  ылайык, тɵмɵндɵгүлɵрдү маалымдайт: Нарын шаардык мэриясында, шаардык мекеме, ишканаларда коррупциялык, ашыкча бюрократиялык жана башка терс кɵрүнүштɵрдү алдын-алуу  максатында «ишеним телефону» уюшулуп, ал катары 5-06-76 телефон номуру бекитилди. Нарын шаардык мэриясы менен коомчулуктун ортосундагы байланышты ɵркүндɵтүү максатында naryncity.kg  веб-сайты, жарандардын  электрондук кайрылууларын кабыл алуу …

Толук окуу

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Нарын шаарын тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча, Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жарыяланган эки айлыктын алкагында, ишемби күнү жалпы шаардык ишембилик ɵтɵт. Андыктан, баарыӊыздарды шаардын таза болушуна кайдыгер карабастан, ɵз короо-жайыӊыздарды, жашаган жериӊиздердин  айланасын, арыктарды  тазалоого активдүү катышып, шаарыбызды таза сактоого жигердүү салымыӊыздарды кошууга чакырабыз.  Нарын шаардык мэриясы