КУЛАКТАНДЫРУУ! УРМАТТУУ БАЛДАР, КЫЗДАР ЖАНА КИЧИНЕКЕЙ БӨБӨКТӨР!

Нарын шаардык мэриясы 1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата,  Нарын шаарынын Роза  Ѳмүрзакова, “Смарт Парк”  жана “Алма-Бак” сейил бактарында саат 10-00 дон тартып майрамдык иш чаралар өтүлө тургандыгын маалымдайбыз. Майрамда таланттуу балдардын концерти тартууланып, жомок, мультфильм көрсөтүлүп, асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт. Келип катышып, маанайыңыздарды көтөрүп, көңүл ачып кетиңиздер.

Share

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ! СУУ ТОКТОЙТ!

К.Орозалиев атындагы (мурунку Ак-Бечел) суу алуучу жайында суу кирип, ылайланып жаткандыгына байланыштуу, таза ичүүчү суу берүү маал маалы менен токтотулуп тураарын эскертебиз. Ошондой эле эртең 2017-жылдын 18-майында Нарын шаарынын Москва аймагында авариялык оңдоо иштерине карата таза ичүүчү суунун берилүүсү саат 9.00 дан кечки 18.00 ге чейин токтотулаарын Нарын шаардык мэриясы …

Толук окуу

Share

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫНЫН КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙЛӨРҮНҮН ЖАШООЧУУЛАРЫ!

Нарын шаардык мэриясы көп-кабаттуу турак үйлөрдүн чатырына кошумча кабаттарды улап, заманбап батирлерди куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, көп-кабаттуу үйлөрдүн кызыктаар болгон тургундарын кызматташууга чакырабыз. Долбоордун алкагында көп – кабаттуу турак-үйлөрдүн сырты жылууланып, канализациялык системасы жаңыртылып, короосуна балдар ойноочу аянтчалар салынып берилет. Толук маалымат алуу үчүн Нарын шаардык мэриясынын байланыш …

Толук окуу

Share

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА ЖҮРҮП ЖАТКАН ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИКТЕРГЕ КАТЫШПАГАНДАР БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР МЫНДАН АРЫ НАРЫН ТЕЛЕВИДЕНИЕСИ ЖАНА БАШКА ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ АРКЫЛУУ ЖАРЫЯЛАНАТ

Урматтуу Нарын шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, ишканалардын, коомдук бирикмелердин, мобилдик операторлорунун жана банк тармагынын кызматкерлери, соода-сатык жайларынын ээлери жана шаар тургундары, республиканын бардык аймактарында тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын апрель айы жалаң кана шаарды калың кардын астында жаткан таштандылардан, жалбырактардан арылтуу иштерине багытталат. Нарын шаардык мэриясы ушул аптанын …

Толук окуу

Share