Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп А.Суранов дайындалды

«Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бɵлүгүнүн 4-пункттуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевди  өзүнүн берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өкмөт башчы Ж. Оторбаев 4-августта № 335 буйругуна кол койгон. Ушул эле күнү №336 буйрук менен Нарын шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп 1-вице-мэр А.Суранов дайындалды.

Толук окуу

Share

Нарын шаарында брусчатка, пескоблок чыгаруучу аппараттар коюлууда

Нарын шаардык «Таза-Нарын» ишканасына курулуш материалдарды чыгаруучу аппараттар алынып берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирди. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен брусчатка чыгаруучу аппарат алууга 496 миӊ 800 сом, таш майдалагыч жана бетон аралаштыргыч аппараттарын алууга 498 миӊ сом акча каражат бɵлүнүп берилген. Жакынкы күндɵрү аппараттар Кытайдан алынып келип,…

Толук окуу

Share

Нарын шаарынын РТС чɵлкɵмүндɵгү суунун басымын жогорулатуу үчүн кошумча тереӊдетилген насос орнотулууда

Нарын шаарынын РТС чɵлкɵмүндɵгү суунун басымын жогорулатуу үчүн кошумча тереӊдетилген насос орнотулууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет. Б.Жапаралиев атындагы паркынын этегиндеги көзөнөккɵ (скважина) насос орнотуп, 250 метр жерге суу түтүгүн тартып чыгаруу үчүн, электрощит, хлорлоочу жай, кароолчунун имаратын жабдыктары менен курууга жана хлорлоочу аппарат алууга жергиликтүү…

Толук окуу

Share

Нарын шаарынын автобекет аймагына салынып жаткан жаӊы коомдук даараткана жакында ишке берилүүсү күтүлүүдɵ

Нарын шаарынын “Автобекет” аймагына салынып жаткан жаӊы коомдук даараткана ушул жылдын 20-августуна чейин ишке берилүүсү күтүлүүдɵ. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы Э.Качкымбаева билдирет. “Автобекет” коомдук жайынын жанынан жеке ишкер Т.Ботокановго даараткана куруу максатында 225,0 ч.м. жер аянты  бɵлүнүп берилип, бүгүнкү күндɵ курулуш иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, салынып жаткан…

Толук окуу

Share

Иш кагаздарды талапка ылайык жүргүзүү зарыл

Кечээ 17-июлда, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын» талаптарын кайталоо боюнча семинар болуп ɵттү. Семинарга  мэриянын аппарат жетекчиси К.Чымылдаков, облустук мамлекеттик архивинин бɵлүм башчысы К.Маматбаев, шаардагы бардык мекеме, ишканалардын иш кагаздар менен иштеген кызматкерлери,…

Толук окуу

Share