Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарындагы кɵмүр-отун кампаларында 460 тонна кɵмүр бар.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиев маалымдагандай, шаар боюнча 5 кампада жана кошумча 5-6 жерде кɵмүр сатылууда. Кɵмүрдүн 1 тоннасы 3300-3500 сомдон, ал эми 1 кап кɵмүр 180 сомдон болууда. Кененирээк маалымат берсек, «Жаӊы-Жол» аймагында Б.  Аттокуровдун  короосунда 3500 сомдон 260 тонна, «РТС»  аймагында эски РТСтын короосунда 3300 сомдон …

Толук окуу

FacebookTwitterVKOdnoklassnikiWhatsAppДостор менен бөлүшүү

Нарын шаарында ɵтүп жаткан хоккей боюнча эл аралык турнирде баш байгени «Челябинск» командасы жеӊип алды.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында ɵткɵрүлүп жаткан «Ташболот Токтосуновдун» кубогуна арналган хоккей боюнча эл аралык турнир эки күнгɵ созулуп, күйɵрмандардын бүйүрүн кызытты. Турнирде Россия Федерациясынын «Челябинск», Казакстандын  «Энбек-Алматы», Кыргызстандын аймактарынын «Ынтымак» жана Нарын шаарынын «Ала-Тоо-Нарын» командалары кɵк жылгаяк үстүндɵ хоккей оюну боюнча мыкты оюн кɵргɵзүп беришти. Жыйынтыгында «Челябинск» командасы …

Толук окуу

Хоккей боюнча эл аралык турнирге катышуу үчүн келген орус делегациясы Нарын шаарынын мэринин кабыл алуусунда болду.

Белгилүү болгондой, жергебизде ɵтүп жаткан турнирге Россиянын Челябинск  шаарынын жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵн жана ардагер хоккейчилеринен, ошондой эле Казакстандын белгилүү хоккей клубунун мүчɵлɵрүнɵн турган күчтүү командалар келишкен. Меймандар мелдештен кийинки бош убактыларында Нарын шаары менен таанышып, №2-В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында жана Борбордук Азия Университетинде болушту. Бүгүн эртен менен Челябинск шаардык …

Толук окуу

Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Нарын шаарында ит-мышыктар атылууда.

Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Абдылда Ибраев билдиргендей, бул боюнча шаар мэринин 2017-жылдын 15-декабрындагы №385-«Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу кутурма, эхинококкоз сыяктуу оорулардын тарап кетишине бɵгɵт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттерди атып жок кылуу жɵнүндɵгү» буйругунун негизинде тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилген. Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун Союзу …

Толук окуу

9-январда Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында хоккей боюнча эл аралык турнир башталды.

Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземинде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов  Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында  «Ташболот Токтосуновдун» кубогуна арналып ɵткɵрүлүп жаткан  эл аралык мелдешке Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын аймактарынан келип катышып   жаткан хоккейчилерге, ошондой эле жергебизге заманбап муз аянтын куруп берген жана мелдештин демилгечиси болгон Ташболот атабызга, анын уулдарына Нарын …

Толук окуу