Бүгүн, 18-сентябрда Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу А.Суранов Кореялык «KOICA» волонтердук программасынын куратору Ким, Джонг-дженини кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Эки тараптуу сүйлɵшүүдɵ келечектеги кызматташуу маселелери талкууланып, келээрки 2015-жылга карата кореялык волонтерлордун Нарын шаарына келип, билим берүү багытында иш алып баруусу күтүлүүдɵ.
Белгилей кетсек, бул волонтердук программа 2014-жылдын июнь айынан баштап отуз ишмердүүлүктүн түрү менен иш алып барып келет.