Нарын шаарынын мэри Б. Жээналиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү

13-февралда ɵткɵн жолугушуу Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрында болуп ɵттү. Анда шаар жашоочулары, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2013-жыл ичинде Нарын шаарындагы аткарылган иштер боюнча шаар мэринин баяндамасы окулду.

Жыйында белгилүү болгондой, шаардын өнөр-жай өндүрүмү 601 миллион 776 миң сомго жетип, бир жылда 30,3 миллион сомго көбөйгөн. Мектептерге, бала бакчаларга жалпысы 75 метр аралыккажасалма дөңчөлөр орнотулду. Шаардын Төш-Булак аймагына АРИС менен биргеликте 37миллион сомдук долбоор ишке ашырылып, аймактын калкы таза суу менен камсызболгону айтылды.

2013-жыл ичиндеНарын шаарында чекене товар жүгүртүү көлөмү 1 миллиард 630 миллион сомду түзүп,мурунку жылга караганда 148,1 миллион сомго өсүш бергендигин шаар мэри Б.Жээналиев маалымдады.

2013-жылы шаарыбыздын 145 жылдык мааракесине карата шаарды жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүүжана тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылган. Алсак, жыл ичинде 22666 м3 таштанды чыгарылып, баардыгы 31 ички кɵчɵлɵргɵ жалпы узундугу 8900 метр жерге жана 6 кɵп кабаттуу турак-жайлардын айланасына балласт тɵгүлүп, түздɵтүү иштери жүргүзүлгɵн.

Мындан тышкары, 2014-жылы шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана Нарыншаарын таза шаарга айлантуу боюнча бир катар иш-пландар талкууланып, алдыгакоюулган: шаардын ички кɵчɵлɵрүндɵгү эскилиги жеткен суу түтүкчɵлɵрүн, каннализациялык түтүкчɵлɵрдү толугу менен реабилитациялоо жана шаардын суу жетпеген аймактарына жаӊы суу түтүкчɵлɵрдү, коллекторлорду жана резервуарларды куруу боюнча ЕБРменен иш алып баруу (сметалык баасы 300млн.сом (5млн евро)), шаардын эски РТСаймагында “Хюман Эппиэл Интернейшнл” эл аралык уюмунун жардамы менен курулган 3,7 км. узундуктагы таза суу системасын аягына чейин бүткɵрүп, ɵткɵрүп алуубоюнча иш алып баруу; көп кабаттуу турак жайларды жылуулук беръъ системасынакошуу; жащы конуштарга жащы электрлинияларды куруу ж.б милдеттер туурасында айтылды.

Аталган чогулушта шаар тургундарытарабынан кɵйгɵйлүү маселелер боюнча суроолор берилип, Нарын шаарын2014–2017-жылдарга ɵнүктүрүүнүн «Жол картасына» Ак-Коргон жана Тɵш-Булак аймагына 1 бала бакчасын куруп берүү, троллейбустун линиясын шаардын Тɵш-Булак аймагына чейин чоюп берүү сунуштары айтылды.

Share

Добавить комментарий