Нарын шаарында Баткен окуясына арналган иш чара болуп ɵттү

Бүгүн, 24-октябрда Нарын шаарынын Жеңиш эс алуу паркында Баткен коогалаңынын 15 жылдыгына арналган митинг реквием болуп ɵттү. Алгач Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбактарына куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. Митингди Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып,  Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин туугандарына көңүл айтып, баатырларды…

Толук окуу

Share

Борбордук Азия Университети 2016-жылы биринчи студенттерди кабыл ала баштайт

Бүгүн, 23-октябрда Нарын шаарынын батыш тарабынан бɵлүнүп берилген 252 гектар жер аянтында,  2012-жылы курулушу башталып бүгүнкү күнгɵ чейин жүрүп жаткан, Ага Хан фондусунун Борбордук Азия Университинин курулуш жумуштары менен шаар мэри Р.Адиев баштаган топ жеринде таанышып келишти. Анда БАУнин кызматкери Усубалиев Чынгыз менен буга чейинки курулуш аянтын даярдоого багытталган: тилкелерди…

Толук окуу

Share

Нарын казыятанда медресенин курулуш иштери жүрүп жатат

23-октябрда Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев Нарын шаарынын аймагындагы Нарын казыятында курулуп жаткан медресенин иши менен жакындан таанышты. Шаар мэри Нарын казыятында курулуп жаткан жаңы медресинин курулушчулары менен жана казыяттын коомчулук менен иштөө боюнча бөлүм башчысы менен жолугушуп алардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыкты. Учурда медресенин курулуш иши кызуу жүрүп анда…

Толук окуу

Share

Нарын шаарынын «РТС» аймагына мекеме кызматкерлер ишембиликке чыгышты

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Р.Адиев баштаган топ  Нарын шаарынын «РТС»  аймагындагы  Чыгыш  көчөсүнөн орун алган суу каналын тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты. Тазалоо иштери кышкы мезгилге камылга кɵрүү  максатында ɵткɵрүлүп, ага шаардагы мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышышты. Кышкысын таштандыга, ыплас нерселерге толгон каналдан аккан суу каналдын боюндагы үйлɵрдү каптап, муз тоӊуп кыйынчылык жаратып…

Толук окуу

Share

Нарын шаарында кайдыгерликке каршы жүрүш унаа кербени уюштурулду

Нарын шаарында бүгүн, 18-октябрь күнү «Кайдыгерликке каршы жүрүш» акциясы өткөрүлдү. Акция Нарын шаарындагы балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси тарабынан 20-октябрь БУУнун күнүнө карата Жаңырык улуттук тармагынын демилгеси менен шаардагы Кадам реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук көрсөтүү багытында өткөрүлдү. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, балдардын ата-энелеринин…

Толук окуу

Share