«Ден соолук кербени» Нарын шаарынан башталды

22-ноябрда, 1-декабрь СПИДке каршы күрɵшүү күнүнɵ карата иш чаралардын алгачкысы — «Ден соолук кербени» аталыштагы акция Нарын шаарынан башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет. Медициналык кызмат кɵрсɵтүүчү унаалардан турган кербен, СПИД оорусуна каршыбыз деген чакырык менен, борбордук аянттан старт алып, №1 Токтогул атындагы орто мектепке чейин жүрүшүн…

Толук окуу

Share

Нарында автобекет аймагындагы коомдук даараткана ишке берилди

Нарын шаарынын автобекет аймагына салынып жаткан коомдук даараткана 15-ноябрда ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. «Автобекет» коомдук жайынын жанына курулуп жаткан коомдук дараткананын курулуш иштери аяктап, замандын талабына ылайык келген ажааткана шаар тургундарына, айылдардан базарлап келгендерге жана сырттан келген меймандарга кызмат кɵрсɵтүүдɵ. Мындан сырткары, курулуш объектинин экинчи…

Толук окуу

Share

Нарын шаарында кɵмүр отунун тартып келүү жана сатуу иштери улантылууда

2014-жылдын 19-ноябрына карата Нарын шаарында уюшулган жети кɵмүр отун базалардын алтоосунда, мындан сырткары  шаардын базарында, жеке үйлɵрдɵ сапатына, ордунан алуу же жеткирип берүү жана унаа менен кыдырып сатуу шартына жараша, 3 миӊ сомдон 4 миӊ сомго чейин кɵмүр сатылууда. Бул тууралуу нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет. Кɵмүр отун…

Толук окуу

Share

Нарын шаарындагы муниципалдык жана мамлекеттик органдар тарабынан кɵрсɵтүлүүчү кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомчулуктун тарабынан түзүлгɵн мониторинг тобу жɵнүндɵ маалымат

Мониторинг тобунун түзүлүшү   2010- жылдын 5- марты деп эсептелинет.  Аталган датада, Нарын жана Нарын районунун 18 жарандык коомунун ɵкүлдɵрү Кызматташуу жɵнүндɵ меморандумга кол коюп, мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын санитария, таза суу менен камсыз кылуу, социалдык жактан коргоо кызматтарынын сапатын биргелешип жогорулатуу боюнча «Демилгелүү Кадам» бей формал тобун түзүшкɵн. «Демилгелүү Кадам»…

Толук окуу

Share

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иш аракеттери башталганына байланыштуу, Нарын шаарынын 16 жаштан жогору жарандарын биометрикалык маалыматтарын тапшырып кетүүгɵ чакырабыз. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча шаарда жети стационардык түйүндɵр иштеп жатат: — Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармасы- Ш.Мамбетов кɵчɵсү №7-А; 5-24-07 — Борбордук чɵлкɵмдɵгү «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик…

Толук окуу

Share