Нарын шаарынын Ак Коргон аймагына жаңы сейил багы түптөлүүдө.Ак Коргон аймагына жергиликтүү жашоочулар эс алуучу жай салуу максатында 2160 чарчы метр жер аянты бөлүнүп, айланасы жергиликтүү бюджеттен 236 миң 500 сомго темир тосмолор менен тосулуп жатат.Жумушчу күчү Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынан тартылган.Бул жерге жакынкы аралыкта тротуар салынып, отургучтар коюлуп, жарыктандырылып, көрктөндүрүлөт.Жүрүп жаткан ишти жеринен көрүп чыккан Нарын шаарынын мэри К. Тутуев бул жерге жергиликтүү жашоочулар үчүн сейилдөөгө арналып жасалып, балдар оюн аянтчасы да болоорун айтты.