Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жана бир катар мекеме, ишканалардын жетекчилери шаардын ичин жаз алды менен ирээтке келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди көрүү жана туура эмес курулган курулуштарды аныктоо боюнча бүгүн, 12-мартта шаарды кыдырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Шаарды кыдыруу Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Теке-Секирик аймагынан башталып Жаӊы –Жол аймагына чейин жүргүзүлдү.
Анын жүрүшүндɵ аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү кызмат адамдарына бир катар тапшырмалар берилди.