Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат к=рс=тъъ боюнча муниципалдык ишканасы Нарын шаардык мончосун 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурстун шарттары:
- Мончонун чатырын толугу менен алмаштыруу (темир лист)
- Сырткы дубалын пеноплекс менен каптап, жылылоо.
- Сыртынан темир сайдинг менен каптоо.
- Мончонун ичиндеги аба алмаштыруучу системасын (вытяжка) алмаштыруу.
- Буу менен ысуучу (пар) бөлмөнүн жыгачтарын жана эшиктерин толугу менен алмаштыруу.
- Мончонун артындагы түрк мончосун (Хамам) оңдоп, ишке берүү.
- Мончонун полуна жылытуучу система жаткыруу.(теплый пол)
- Электр от казанын алмаштыруу.
- Ондоп түзөө иштерин келишим түзгөндөн кийин эки айдын ичинде толук бүткөрүп,ишке берүү.
Ижара акысы айына 50 мин сом. Ондоп түздөө иштери жүрүп жаткан учурда ижара төлөмдөрүнүн 50% төлөнөт.
Катышуучулар гарантиялык акысын, баанын 10% РСК банк аркылуу төмөнкү реквизитте төлөшөт. 44050122002339
Документтер Нарын шаары Ленин көчосү № 64 даректе 2021-жылдын 8-октябрына чейин кабыл алынат.
Байланыш тел: 5-16-21