Маалымат

Бүгүн Нарын шаарынын №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасында «Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына» жана Нооруз  майрамына  карата, «Нооруз майрам — ырыс майрам, ырыс алды ынтымак» аталыштагы оюн-зоок кечеси жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси болуп ɵттү.

Майрамдык иш чара балдар бакчасынын эмгек жамааты, ата-энелер жана балдар жамааттарынын үч тараптуу, кыргыздын улуттук сармерден кайым айтышуусу менен башталып, тарбияланычуулардын заманбап макал айтышуусу, учурда популярдуу болуп жаткан кара жорго бийи, улуттук оюндар менен коштолду.

Кечеге Нарын шаарынын вице — мэри С.Эсенаманова, билим берүү бɵлүмүнүн, шаардагы балдар бакчаларынын ɵкүлдɵрү, ата-энелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка чакырылгандар катышышты.

Вице-мэр Нооруз майрамына арналган иш чара №15 балдар бакчасында быйыл  жогорку деӊгээлде уюштурулганын, ошондой эле жадыраган жаз айынын алгачкы күндөрүндө, балалыктын таза ой-сезимин, асыл каалоо-тилектин майрамы катары ɵзгɵчɵ мааниге ээ экендигин белгиледи.

Соӊунда  келгендерге атайын даярдалган улуттук кɵжɵ тамагы таратылды.

 

Добавить комментарий