1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнɵ карата Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык Кеӊеши шаардагы бардык балдар бакчаларына алты боз үй белек кылышты.
Эгерде буга чейин мындай боз үй №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасында гана болуп келген болсо, эми шаарыбыздын бардык балдар бакчалары боз үйлүү болуп калышты.
Белгилей кетсек, былтыр Нарын шаарынын №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасына Ага Хан фондусу тарабынан берилген боз үй, экинчи ирээт «Долон» жайлоосуна тигилип, 3 сааттык программа менен жайлоодогу малчылардын балдары тартылып тарбияланышкан.
Мындай кубанычтуу саамалыктан кийин «жайлоодогу бала бакчалардын» санынын кɵбɵйүүшү жана белектер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш чараларында жана жɵн гана жазгы-жайкы мезгилдерде эшигинин алдында тигилип, балдар үчүн пайдаланаары күтүлүүдɵ.
Ал эми боз үйлɵр жергиликтүү бюджеттин эсебинен 138 миӊ сомго алынды.