Нарын шаарынын жаштар ордосунда 18-ноябрда Нарын шаардык мэриясы жана Нарын облустук эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Жаш үй-бүлө» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Кароо-сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки 5 түгөй катышты. «Сынактын максаты — жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, үй-бүлөнү сактоодо, бекемдөөдө салымы бар каада-салттарды пропагандалоо болуп эсептелет».
Кароо-сынак төрт этаптан туруп, катышуучулар берилген тапшырмаларды дыкаттык менен аткарууга аракеттерин кɵрүштү.
Ар бир тапшырманын аткарылышы калыстар тобу тарабынан 5ке чейинки бааларды берип, жыйынтыгында «Жаш үй-бүлө» сынагынын жеңүүчүсү болуп Уран Иманалиев менен жубайы Жазгүл Абдраимова табылды. Экинчи орунга Айтбек Качкынбаевдин үй-бүлөсү татыса, үчүнчү орунду Улан Канатбеков менен Канат Досалиевдин үй-бүлөсү ээледи.
Мындан сырткары, сынакка катышкан Бактияр Кубанычбек уулунун үй-бүлөсү төртүнчү орүндү камсыздады. Орун алгындарга турмуш-тиричилик буюмдары тапшырылды.
Белгилей кетсек, кароо-сынакта Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова калыстар тобунун тɵрайымы болуп катышты.
Ал эми бул кароо-сынакты уюштурууга жалпы 80 миң сом каражат сарпталды.