Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы бөбөктөр үчүн балаты майрамын өткөрдү.
Жаңы жылды утурлай балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулган бул иш чарага шаардын орто мектептериндеги мыкты окуган жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылды.
Иш чара шаардагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде өткөрүлүп, жаңы жылдык ыр-бийлер жана М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “кышкы жомок” оюн-зоок программасы менен коштолду.
Балаты майрамында шаар мэри балдарга аталык аруу тилегин арнап, келечекте ыймандуу. билимдүү инсандардан болууларына тилектештигин билдирди. Ошондой эле майрамдык иш чарага чакырылган 150 баланын ар бирине 500 сомдук таттуулар толтурулган белектерди жана оюнчуктарды тапшырды.
Белек алгандардын арасында Нарын шаарында отурукташып жашап жаткан памирлик үй-бүлөнүн балдары да бар.
Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.