Нарын шаарында алты билим берүү мекемелеринде мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттар аркылуу ремонт иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Аны менен бирге №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин айланасындагы эски тосмолор алынып, жаңы темир тосмолор орнотулууда.
Долбоордун сметалык баасы 1 млн 37 миң 288 сомду түзөт, анын 777 миң 966 сому дем берүүчү грант болсо, 259 миң 322 сому Нарын шаарынын бюджетинен каржыланууда. Курулуш иштерин тендерден утуп алган “Аргымак-Нарын” ЖЧКсы ишке ашырып жатат.