Бүгүн Нарын шаарындагы «Жаштар ордосунун» жыйындар залында , 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата арналган майрам болуп ɵттү.
Иш чарага шаардын социалдык-экономикалык тармактарында иштеген, ѳз ишин сүйгѳн, кызматтын алдынкылары жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон жалпысы 150 айымдар чакырылган.
Шаар мэри Б.Жээналиев “Элибиз эзелтеден аялзатына – очоктун сактоочусуна өзгөчө аяр мамиле жасап, алардын туруктуулугуна жана чыдамкайлыгына, акылгөйлүгүнө жана түшүнүктүүлүгүнө терең таазим этип келген. Мына бүгүн да, жарашыктуу жаз айындагы ажарлуу майрам күнү – биздин сүйүктүү айымдарыбыздын эң жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирип, кɵӊүлүн кɵтɵрүп коюу ар бир эркектин парзы” экенин белгилеп, ар бир адамдын жашоо-турмушундагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөтү болгон чың ден соолукту каалап кетти. Ошондой эле асыл аялзаттарына ардак грамоталарды, баалуу белектерди тапшырды.
Майрамдык иш-чаранын ѳзгѳчѳлүгү — шаардык мэриянын жана шаардык Кеңештин кызматкерлеринин катышуусундагы концерттик программа болду.