Нарын шаардык мэриясы 1986-жылы Чернобылдагы атомдук электр станциясындагы аварияны эскерүү иш чарасын уюштуруп ага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жылдызбек Беккелдиев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан жергиликтүү жашоочулар катышышты.» Сиздер баа жеткис эмгек кылып, колуңуздар менен чок кармаган баатырсыздар! Келечек үчүн, мекен, эл-журт үчүн деп өзүңүздөрдүн күлгүндөй кезинде чок кармап, өмүрүңүздөрдү тобокелге салып эл үчүн кызмат кылгансыздар. Сиздер тарыхта алтын тамгалар менен жазылып түбөлүккө эсте болосуздар. Сиздерге окшогон чыгаан уул-кыздарыбыз, мекенге -эл -журтка кызмат кылган адамдарыбыз көп болсун! «-деди Нарын шаарынын мэри өз куттуктоосунда«Чернобыль кырсыгы xx кылымдагы ири кырсык катары тарыхта калды, атомдук станциянын жарылышы адамзат жашоосуна коркунуч алып келип, бул кырсыктын кесепетинен ууланган аймакты тазалоого советтер союзунан миңдеген адамдар тартылып, булардын катарында Нарын шаарынан жана районунан да 42 атуул жөнөтүлгөн.Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга арналган иш чарада каалоо-тилектер айтылып , ар бир катышуучуга жана алардын үй бүлөлөрүнө материалдык колдоо катары 27миң сом которулуп берилди.Ошондой эле шаардык маданият бөлүмү тарабынан концерттик номерлер аткарылды.