ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН, ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН ЖАЗА ЧАРАЛАРЫ КАТААЛ ЭКЕНДИГИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ

Нарын шаардык прокуратурасы, Нарын шаардык мэриясы, шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктук билимин жогорулатуу менен алардын арасында укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу, зордук зомбулуктун ар кандай түрүнөн сактануу жана зомбулук жасабоо боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзө баштады.
Ар бир мектепте 9-10-11-класстын окуучуларынын катышуусундагы жыйындарда прокурорлор өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана зордук зомбулуктун жаза чаралары катаалдаштырылгандыгы тууралуу кеңири маалыматтарды беришип, мындай учур каттала турган болсо келечекте жетише турган ийгиликтерине чоң жолтоо болоорун айтып, зордук зомбулуктун кесепеттери тааныштырылды.
Жыйынга катышкан Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазиева өспүрүмдөрдү илим-билимге,технологоияга, чыгармачылыкка кызыгууга чакырып, коомдук жайларда жогорку маданияты, билим менен айырмаланып турган жаштар болууга чакырып, бири биринин укуктарын урматтоого чакырды.