№9-АБДЫКАДЫР САДЫКОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ИМАРАТЫН КУРУУ БАШТАЛДЫ

Нарын шаарындагы № 9 -А. Садыков атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталып, бүгүн капсуласын салуу салтанаты болуп өттү.
Жаңы, 375 орундуу мектеп республикалык бюджеттен 141 млн 500 миң сомго каржыланып, баардык шарты менен заманбап типте курулат.
Курулушту «Илек строй» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүлөт.
Нарын шаарындагы 2 типтүү эмес орто мектеп бар. Бул имараттын курулуш менен шаардын Ак-Коргон аймагындагы мектеп курагындагы балдардын баардыгын камтуу жана аларга жеткиликтүү билим берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Учурда аталган орто мектеп мурда дүкөн катары салынган имаратта жайгашкан. Окуучуларга 3 сменде билим-тарбия берилип, шарттын жоктугу көйгөй жаратып келген.
Капсула салуу иш чарасына катышкан Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев » Мектептин курулушу менен шаарыбыздагы чоң көйгөй чечилип жатат. Келечек ээлери болгон, балдарыбыз үчүн керектүү шарттарды тузүү башкы милдеттерибиз болушу керек. Мен куруу жоопкерчилигин алган ишканадан ишти сапаттуу жана өз учурунда аткарууну өтүнөм»- деди.