2022-ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫНЫН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ КОЛЛЕГИЯДА КАРАЛДЫ

Нарын шаарында 2022-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы жыл жыйынтыктоочу коллегиялык отурумда талкууланып, өнүктүрүү максатындагы пландардын аткарылышы, калкты социалдык жактан коргоо жана камсыздоо, саламатыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу маалыматтар угулду.

Ошондой эле салык жыйымдары боюнча план тапшырманын аткарылышы, жумушчу орун түзүү, ишкерлер менен кызматташуу, инвестиция тартуу, инфраструктураны жакшыртуу, өнөр жай тармагын жандандыруу аракеттери, күз- кыш жылытуу мезгилине даярдануу боюнча тармак башчыларынын маалыматтарын угуу менен 2023-жылга карата иш пландары тааныштырылды.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев 2023-жылы өткөн жылга салыштырмалуу көп жумуштар жасаларын белгилеп, өзгөчө шаарды экономикалык жактан өнүктүрүү максатындагы долбоорлорду даярдоо жана ушул багытта келечектүү иштерди пландоо жана ишке ашырууга басым жасаларын белгиленип, мындан тышкары билим сапатын жакшыртуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алууну жакшыртуу, коомдук транспортту өнүктүрүү долбоорлорун алып баруу, мекеме-ишканалардын иштерин жакшыртуу, өнүктүрүү иштерине да баардык аракеттер жумшалаарын айтты. Отурумда жыл ичиндеги жетишкендиктер белгиленип, кемчиликтерди жөнгө салуу жетекчилерге тапшырылды.