Нарын шаарынын борбордук аянтына муздан жасалган жаныбарлардын айкелдери коюлду

Нарын шаарынын борбордук аянтына,  жаӊы жылдык балатынын жанына  муздан жасалган маймылдын жана пингвиндин айкелдери коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Бул айкелдер Нарын районунун Учкун айылынын тургуну Адилет Кутбидиновдун эмгегине таандык. Буга чейин Нарын шаардык мэриясы тарабынан муздан айкелдерди жасоо боюнча сынак жарыяланып, тилекке каршы быйыл кар аз жааганына байланыштуу бир кана катышуучунун муз айкелдери сынакка коюлду.

Муздан жасалган жаныбарлар шаар тургундарын суктантып, күн жылыгыча аянттан алынбайт. Белгилей кетсек, айкелдер кечкисин шаардык ички иштер бɵлүмү тарабынан кайтарууга алынды.

8bef7f27b55b08f5a064a6b434d4b9be_500_0_0

Добавить комментарий