«Сармерден» иш чарасы №14 балдар бакчасында болуп өттү

Нарын шаарындагы №14 “Алтын балалык” балдар бакчасында “Сармерден” оюну болуп өттү. Жогорку тайпанын кыздар, балдар арасында уюштурулган айтышка Ѳкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, шаардын вице-мэри С.Эсенаманова катышышты.

Балдар бакчанын тарбиялануучулары келген конокторго жана ата-энелерине өз өнөрлөрүн тартуулап, ырдап, бийлеп, эрке бала менен шайыр жеңенин образын мыкты аткарып беришти. Аларга тиешелүү упайларды калыстар тобу  берип жатышты. Белгилей кетсек, иш чара “2016-Тарых жана маданият жылына” карата өткөрүлдү.

 

 

Добавить комментарий