Борбордук Азия университети

Борбордук Азия Университети (БАУ) дүйнөлүк коомчулук менен алыскы тоодогу элет жергесиндеги коомчулуктарды өз ара байланыштырган, заманбап экономика жана туруктуу башкаруу үчүн зарыл болгон адам капиталын түзгөн дүйнөлүк класстагы билим берүү ордосу жана окутуу борбору болуп эсептелет.

БАУ 2000-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын Президенттери жана улуу даражалуу Ага Хан тарабынан кол коюлган эл аралык келишим аркылуу түзүлгөн жеке менчик, коммерциялык эмес жана диний эмес (светтик) университет; Аталган эл аралык келишим жогоруда аталган үч өлкөнүн Парламенттери тарабынан бекитилип, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. Президенттер камкорчулары жана Улуу даражалуу Ага Хан канцлери болуп саналат.

БАУнун миссиясы — эл аралык деңгээлде таанылган жогорку билим берүүнүн стандарттарын сунуштоо жана региондогу элдердин бай маданий мурасын келечек үчүн сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу аркылуу Борбордук Азияда, атап айтканда, анын тоолуу аймактарында социалдык жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү.

БАУ өзүнүн 3 мектеби менен белгилүү: Гуманитардык жана так илимдер мектеби, Өнүктүрүү мектеби (магистратура), Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби. Элет жергесиндеги тоолуу аймактардын муктаждыктарына жооп катары БАУ ири борбор шаарлардан алыс жерде эки кампус курду. Алар: Нарында (Кыргызстан) жана Хорогдо (Тажикистан). Текели (Казакстан) кампусунун ачылышы азыркы учурда пландаштыруу стадиясында турат. Бул кампустар тарыхый Улуу Жибек жолунда орун алган. Ал эми БАУ аймакта болуп жаткан экономикалык жана интеллектуалдык кайра куруунун чордонунда болууга илгери үмүт кылат. Университет катары бизнеске, жарандык коомго жана мамлекеттик кызматка мыкты лидерлерди алып келүүгө багыт алат. Муну менен катар Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун кеңири жигердүүлүгүн арттырып, өнөктөштүккө кеңири жол ачат.

722918, Кыргыз Республикасы, Нарын шаары, Ленин көчөсү 310

Тел: + 996 (3522) 57 820

WhatsApp: 0770822323 —

info@ucentralasia.org

https://ucentralasia.org/

https://www.facebook.com/ucentralasia

https://www.instagram.com/ucentralasia/