Борбордук Азия универстетинин Профеционалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жаштарды жана улуу муундагы
адамдарга ар кыл кыска мөөнөттөгү окуу программаларын сунуштайт жана киреше алып келүү
үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууда ийкемдүү кесиптик жана техникалык талаптарга жооп
берген окуу форматында, орто билимден кийинки жана үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыз
кылууда. Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби Нарын шаарында 2006-
жылы өз ишин баштаган . Мектеп окутуунун алдыңкы технологияларын сунуш кылат; анын эки
информатика кабинети, төрт класстык бөлмөсү жана бай китепканасы бар. Мектеп 31,000ден
ашык — 6 жаштан 65 жашка чейин адам бүтүрдү жана үзгүлтүксүз билим алууда. Мектептин
мектеп жашындагы угуучулары эл аралык сынактарда катышууга мүмкүнчүлүк алышып, байгелүү
орундарды алып жана жеңишке жетишти.

2011-жылы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби Нарын облустук
администрация тарабынан «Мыкты окутуу уюму» аталган.

2018-жылы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби Нарын шаардык мэриясы
тарабынан «Мыкты өнөктөш уюм» деп табылып, ошондой эле Нарын облусунун билим берүү
боюнча коомдук кеңешинин мүчөсү болду.
Сапаттуу билимге багытталган Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби Нарын
облусунда ар кандай кошумча социалдык-экономикалык долбоорлорду алып барат.

722900, Кыргыз Республикасы, Нарын шаары, Сейтаалы Жакыпов көчөсү, 19

Тел: +996 (3522) 51 204

Факс: +996 (3522) 51 228

spce.naryn@ucentralasia.org

https://ucentralasia.org/

https://www.instagram.com/ucaspcenaryn/