ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ ЖАНА ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ӨТКӨН ЖЫЛГА КАРАТА АТКАРГАН ИШТЕРИНИН ОТЧЕТТОРУ АЛЫНДЫ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаардык электр тармактары ишканасынын жана Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчет алып, 2023-жылга карата аткаруу үчүн пландалган иштер менен таанышты.
Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси тарабынан 2022-жылы 35миң 808, 9442 Гкаллорий жылуулук өндүрүлүп, жалпы 109 көп кабатту турак жайды,50 менчик турак жайды, 24 мекемени, 4 башка керектөөчүлөргө, жана 2562 абонентти жылуулук менен камсыздап келет. 11711 метр жылуулук трассасын тейлеген мекемеде 26 откана бар. 2022-2023-жылдардагы куз-кыш жылытуу мезгилине карат 24 млн сомго оңдоо жумуштары аткарылып, жылуулук берилип келет.
Ал эми шаардык электр тармактары ишканасы тарабынан 11 миң 302 кардарга электр жарыгы жеткирилип, 165690,1 миң кВт саат электр тогу пайдаланылган. Шаар аймагындагы 336 электр чорону тейленип, товарды сатуудан түшкөн каражат 105, 7 пайызды түзгөн.
Сатылган электр энергиясын жана андан келип тушкөн акча каражатын тактоо максатында кардарлар менен эсептешүү автоматташтырылып, тейлөөнү жакшыртуу чаралары көрүлгөн.
Калкты жылуулук жана электр электр жарыгы менен камсыздап келе жаткан ишкана маалыматтарын уккан калаа башчысы К. Тутуев учурдагы жылытуу мезгилин кемчиликсиз өткөрүү үчүн зарыл чараларды көрүп, авариялык өчүрүүлөрду алдын алуу максатында зарыл яараларды көрүүнү белгилеп, эмгек жамааттарга ийгиликтерди каалады.