ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ УЛАНУУДА

 

          Азыркы учурда ишкердикти өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан  жагымдуу шарттарды түзүү, ишкерлердин укугун коргоого жана аларга Кыргыз Республикасынын аймагында  өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Ишкердик чөйрөсүн  колдоо жана ишкердик субъектилерине негизсиз кийлигишүүсүн алдын алуу  максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапарав тарабынан 2022-жылдын 21-ноябрында №380 Жарлык кабыл алынып, ага ылайык 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин бул Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декбарындагы №725 токтому кабыл алынып, ага ылайык ишкерлерди текшерүүгө тыюу  салуу боюнча киргизилген мораторийди ишке ашыруунун  жол жоболору аныкталган.

 

Жогорудагылардын негизинде учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 26-майындагы №276-VII токтому менен бекитилген мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлерге карата жүргүзүлүүчү текшерүүлөр убактылуу токтоп турат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мораторий күчүндө турган кезде ишкердүүлүк субъектилеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болуп кетүүчү ар кандай тобокелчиликтерди алдын алуу максатында төмөндөгү жагдайларда гана текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшү   каралган:

1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;

3) башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;

5) электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;

6) бажы кызматы тарабынан бажы контролунда турган товарларга карата;

7) ташылып келүүчү, өндүрүлүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, отундун сапатынын сакталышын көзөмөлдөө иретинде;

8) жер казынасын иликтөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери тарабынан мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;

9) социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуу маселелери боюнча;

10) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча.

Ишкерлерге карата мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салынышы ,  мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар менен бизнес чөйрөсүнүн бири-бирине болгон өз ара ишенимдерин бекемдөөнү көздөйт. Бул жагдайды эске алуу менен, мораторий убагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция Министрлиги тарабынан мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар жана бизнес коомчулугу менен биргеликте ишкердүүлүк субъектилеринин арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого багытталган кеӊеш берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалыматтык кампания уюштурулат.

Ишкердүүлүк субъектилерин текшерүү чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук базаны жакшыртуу үчүн салык төлөө маселелери жана укук коргоо органдары тарабынан бизнеске карата дайындалуучу текшерүүлөр Прокуратура органдарынан милдеттүү түрдө катталууда жана бул ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын  коргоонун дагы бир натыйжалуу механизмдеринин бири болуп саналат. Ошол эле кезде ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга жол берген мамлекеттик кызматкерлерге карата көрүлүүчү чаралар да каралган.

 

 

Кыргыз Республикасынын экономика

жана коммерция Министрлигинин

Аймактар аралык башкармалыгынын

Нарын  аймактык бөлүмү.