КЫШКА ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ИШТЕРИ ЖАНА БАШКА ЧАРБА ЖУМУШТАРЫНЫН ЖҮРҮШҮ АППАРАТТЫК ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарында күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

 

Бүгүнкү күнү шаар аймагындагы жалпы кызматкерлердин үй бүлөлөрүн көмүр менен камсыздоо жана жалпы эл үчүн көмүр отунун сатуу базаларында көмүр сатуу иштерин уюштуруу жүрүп жатат.

 

Нарын шаарына көмүр тартып келүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп, шаардын 5 аймагында жеке ишкерлер тарабынан сатылып жатат.

 

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык тараптардын имараттарынын айланасын тазалатууну уюштуруу, мыйзамсыз курулуштар менен иштөөнү жакшыртуу жана айып салуу;

 

Кафе, ресторан, унаа жуучу жай, дарыкана ж б тейлөө жайларынын айланасын жарыктандыруу;

 

Шаар аймагын таштандыдан тазалоо иштерин жакшыртуу, базар аймагындагы санитардык тазалоо күнүн өз максатында өткөрүүнү уюштуруу;

 

Ар бир жүз метр сайын таштанды урналарын коюу жана таштандыны чар жайыт таштабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүү;

 

Салык планын аткаруу, ишкерлер менен иштешүүнү жакшыртуу, турак жайларды камсыздандыруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланып, алдыга бир катар тапшырмалар белгиленди.