НАРЫН ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ 16 ТАШТАНДЫ УРНАЛАРЫН БЕЛЕК КЫЛДЫ

Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов 16 таштанды урнасын белек кылды.
Нарын шаарына колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылып келе жаткан облустун казысы жасатып берген таштанды урналары Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин катышуусунда «Таза Нарын» ишканасынын башчысы Алмаз Сурановга тапшырылды.
Калаа башчысы К. Тутуев облустун казысы Эрик Молдокуловго ар тараптан көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады.
Казы Э. Молдокулов буга чейин да демөөрчү болуп, 64 аймагына көчөттөрдү отургузуп, айланасын коруп, борбордук мечиттин айланасын жарыктандырып берген.