НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ КАРЫЛАРДЫ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

1-октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата 80-жаштан жогору жаштагы шаар тургундарын куттуктоо максатында бир айлык жүрүп жатат.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев карылар күнүнө карата шаар аймагындагы айрым улгайган жарандарды үйүндө куттуктап белектерин тапшырды.
Улгайган жарандарды куттуктоо жана аларга колдоо көрсотүү максатында Нарын шаарынын бюджетинин 100 миң сом бөлүнгөн.
Нарын шаарында 80 жаштан жогору 120 улгайган жарандар бар.