ШААРЧА АЙМАГЫНДА 500 МЕТР ТРОТУАР, 711 МЕТР ЛАТОК САЛЫНЫП ЖАТАТ

Нарын шаарында жөө адамдар жолун салуу иштери жүрүп жатат.
Долбоор боюнча Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 4 млн 600 сомго 500 метр тротуар 711 метр латок салуу иштери башталды.
Жөө адамдар жолун салуу «МК-Курулуш» ишканасы тарабынан аткарылууда.
Бүгүнкү күнү Нарын шаарында Ак Коргон, Шаарча (Городок) жана 64 аймактарында тротуар салуу иштери жүрүп жатат.