Шаардын тарыхы

Нарын — Кыргызстандагы шаар. Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору.

Калкы — 38 800 адам (2017-жылы). Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

Тарых

Нарын шаарынын аймагы — тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

География

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты — континенталдык.

Социалдык-экономикалык абал

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

Транспорт

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты — автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

Нарын мамлекеттик университет

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.