“Социалдык келишим” программасынын алкагында 20 үй бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды

КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» №385 токтому менен бекитилген Жобого ылайык Нарын шаары боюнча 20 үй бүлө ишкердик кылып башташты.
Үй бүлөгө көмөк берип, ишкердик менен каражат табуу планын колдоого алуу боюнча өкмөттүн программасынын негизинде ишкер болуу максаты бар, жөлөк пул алган жарандар тарабынан тапшырылган долбоорлор комиссия тарабынан талдалып жыйынтыгында 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Сертификат тапшыруу иш чарасында Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев башталган иштин жемиштүү болушун каалап, ар кандай тоскоолдуктарга чыдап, коюлган максатка жетүүнү айтты.

«Максат-бизнес планы бар жарандарды колдоп, анын аркасы менен жашоо-турмушту жакшыртуу. Каражатыңыздарды өз максатында иштетип, үлгү болоорлук иш баштап кетишиңиздерди каалайм.»-деди калаа башчысы.
Ошондой эле келечекте жумушчу орун түзүү менен шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

 

 

 

 

 

 

Үй бүлөгө көмөк көрсөтүп, пландаган бизнес пландарын ишке ашыруу максатындагы Социалдык келишим программасы мамлекеттен жөлөк пул алып келе жаткан үй бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүп, бизнес долбоорлорунун ишке ашыруу аракеттерине мониторингдер жүргүзүлөт жана 3 айдан кийин жөлөк пул берүү токтотулат. Байланыш номерлер: 0(3522)52094,52095