ТАРТЫЛГАН ИЧКИ ИНВЕСТИЦИЯ 10 МЛН СОМГО ЧАМАЛАП, КАРАЖАТ ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ЖАКШЫРТУУГА ЖУМШАЛДЫ

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына аткарууга алган иштери тууралуу отчет берди.
Маалымат берүү шаар аймагында аткарылган жана учурда жүрүп жаткан иштер менен жеринде тааныштыруу ирээтинде уюштурулду.
Бүгүнкү күнгө карата Нарын шаарына ички инвесторлордон тартылган каражаттын суммасы 10 млн сомго чамалап, шаардын инфраструктарысын жакшыртууга көптөгөн шаар тургунлары салым кошушуп, жөө адамдар жолун салып, жарыктандыруу иштерин каржылап, жашылдандыруу пландарын аткаруу үчүн көчөттөрдү алып беришип, ирригация тутумдарын жакшыртууга зор салымдарын кошушту.
Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык мэриянын иш планына ылайык калаанын инфраструктурасын жакшыртуу жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүү, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштери боюнча депутаттарга маалыматтар берилди.