Жарандардын кайрылуусу / суроо-жооптор

Бардык кайрылуулар: 32
  -  Аткарылгандар
  -  Аткарылбагандар

    Бизге кайрылуу



    04.02.2023
    Шералиев (Советский) көчөсүн оңдоп беришиниздерди өтүнөбүз
    foto
    04.02.2023
    Саламатсыздарбы спорт жагына чиздердин атыныздар иш чаралар кобурок болсо жакшы болотле , спортакиадаларды кобуроок уюштуруп жаш муунду алдага тартсаныздар жакшы болотле
    04.02.2023
    Саламатсыздарбы мдс аймагында турам мурунку думада жарылган водоемдун суусу тонуп адамдар тайгаланып атышат ошол жака кум сеп же талкалап музду тазвлап коесуздарбы бая куну бир эже жагылып омуркасы сыныптыр деп уккам болчумун ошону чечип бериниздер конул буруп
    02.02.2023
    Саламатсыздарбы сиздерге кайрылуумдун себеби МСО аймагы Ак- Моор кочосунун кире беришиндеги мусорду кочурсонуздор .Себеби жанында парк бар балдар барып ойношот.Ал жерге мусор тогуу туура эмес балдардын ден соолугуна зыян .Мусурда иттин олугунон бери жатат жанында балдар ойноп атат ошо болобу?..
    Саламатсызбы ? бул кайрылуунуз боюнча жеринде кароо жургузуп анан чечели.
    01.02.2023
    Сагынбай Орозбак кочосундо кечки светтер эмне учур куйбой атат 1 ай болду
    Учурдагы электр энергиясын уномдоо максатында убактылуу очурулуудо. Жакында кайрадан куйгузулот.
    31.01.2023
    Саламатсыздарбы,мектепте синдим окуйт эртеменки сменада негизи ле жолдон отуп жатканда окуучуларды жол откортуп койгонго кишилерди коюп койсонуздар болобу,мекьеп ичинен дежур кылып же гаи кызматкерлеринен болсо деле жакшы болмок деп ойлойм
    саламатсызбы? сунушунузду эске алабыз. Бирок синдинизге жол эрежерин уйротуп, жоопсуздугун сактап журууго уйротунуз.
    31.01.2023
    Хотела бы узнать что вы делаете чтобы молодежь в нарыне была сплоченной, но для этого никакие события связанные с мероприятими или общественными событиями не организовываются и не проводятся вообще . Почему не организовываете мероприятия подобного рода для активизации молодежи?
    саламатсызбы? биз Нарын шаарындагы жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барып келебиз. Жаштар менен кандайдыр бир иш чара уюштурууга кызыктар болсонуз. мэрияда атайын жаштар менен иш алып барган адис бар.Кызматташсаныздар болот. Биз жаштар менен жаны идеяларды жаратууга кызыктарбыз.
    28.01.2023
    Саламатсызбы !сизге кайрылуумдун себеби:музыкальный мектебинин ата энелер атынан апрелде Турцияга балдарыбыз оз онорлорун тартуулаганы барган атышат,ошого сиздерден спонсор катары бирдиктүү форма:футболка,кепка Нарындын эмблемасы бар калып ар бир балага жазатып бергенге жардам сурайт элек,жалпы ата энелер атынан терен ыраазычылык айтып кетет элем алдын ала .жообун кутом ,жардам берериниздерге умут кылабыз.
    28.01.2023
    Саламатсызбы?! Биз жакка балдар ойноочу площадка керек экен. Себеби биз жакта таптакыр жок . С.Орозбак 147,162
    Саламатсызбы! Сиз айткан райондон Муниципалдык ишканасы жерди чечип берсе жана Нарын шаардык мэрия кайсы мекемеге милдеттендирип берип, бюджетин чечип беришсе салынаарын билдиребиз.
    28.01.2023
    Мен уй кожойкемин, жумушсуз катары кантип каттоого турам? Кандай документтерди тапшырвш керек?
    Саламатсызбы? Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барасыз. Ошол жерден жеткиликтуу тушундурушуп, жумушсуз катары каттоого алышат.

    Дата боюнча отчет түзүү:

    Муниципалдык мекемелер

    Нарын сууканал ишканасы
    WhatsApp: 0709814554

    Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы
    WhatsApp: 0701002779

    Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы
    WhatsApp: 0706100006

    «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик Ишканасынын Нарындагы райондар аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси
    WhatsApp: 0500260974

    Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы
    WhatsApp: 0707000773