Нарын шаарынын Орозбак -Андабеков кочосунун Кун батыш тарабында Учкун,Куланак айылдарынын таксисттери автоунааларын тротуарга токтотуп, парковка кылып алышып, жоо адамдар отууго такыр болбой калды, ушуну менен 5 жолу кайрылып жатабыз, мэрия тарабынан чара корулбой жатат. Айылдын таксисттерин Андабеков кочосундогу парковка на кочуп берсениздер жакшы болот эле. Айылдын таксисттери аллеянын четине таштандылаарын ташташат, ошол жерди туолет кылып алышты. 0702128871
Саламатсызбы? Маалыматыңыз тийиштүү болумго жеткирилди.
23.06.2023
Аска мейманкана жактагы А.Жусупов чөлкөмүнүн жаңы конуш тарапка кеткен жолду грейдер менен түрттүрүп берүүңүздү сурайм. Болгону 500 м
Саламатсызбы, Сиздин арызыныз боюнча жеринен барып кордук, мумкунчулукко жараша жакынкы арада турттуруп берээрибизди билдиребиз.ерээ
20.06.2023
Саламатсыздарбы, Нарын шаарынын Орозбак -Андабеков кочолорунун Кун батыш тарабындагы тротуардга Учкун айылынын таксилери парковка кылып автоунааларын токтотуп жатышат.Жоо адамдар отууго мумкун эмес, аллеяга таштандылаарын ташташат. Ушул маселени качан чечип бересиздер.
Саламатсызбы, Сиз айткан даректеги жол жээгиндеги таштандылар тазаланып жатат
19.06.2023
Урматтуу Канболот Мусаевич, Сизге кайрылуумдун себеби, азыркы учурда бала-бакчаларда 2024-жылдын апрель айына чейин 5,5-6 жашка чыга турган кичинекей балдарды мектептерге 0-класска алып кеткиле деп оозеки талап кылып жатышат, ушул боюнча тагыраак кайсыл мыйзамда жазылган, так, даана, кагаз түрүндө эч бир бала-бакча жетекчиси ата-энелерге маалымат беришпейт. Бул жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын \"Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу\"
мамлекеттик билим берүү стандарты, 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык типтери жана түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналган мектепке чейинки билим берүүнүн негизги документи болуп саналат. Ал эми бала-бакчаларда ушул мыйзамдын негизинде Устав түзүшкөн жана Уставда болгону 5,5 жашка чейин тарбияланат деп Мыйзамдан уставды жогору коюшкандыгы даана көрүнүп турат. Бала-бакча жетекчилери ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзмөк турсун анкылдап беттен алат экен. Кээ бир учурларда балдарын мектепке алып кеткен ата-энелер дагы жок эмес, бирок бала эрте мектепке барганда кыйналып калат экен. 0-класста болгону 2 саат окушат, калган учурда 5,5 жаштагы баланы карай турган кишилери жок жаш үй-бүлөлөр бар, окууга көңүлү жок оюнга тойбой турганы бар, ошондо 6-6,5 жаштагы бала 1-класска барып калат экен, кыскача айтканда ачыктан-ачык балдардын укугу тебеленип жатат.
Ушул боюнча чара көрүүнү өз колуңузга алып карап берүүңүздорү суранам!
Урмат 0507730506
Саламатсызбы? Сиздердин кайрылуууңуздар каралып чечилип жатат. Бул боюнча дагы арыздар каралып жатат. сиздерге шаардык билим берүү болуму жооп берет.Балдарды бакчадан чыгарып салбайт. Азырынча бакчага бара беришет.
14.06.2023
Саламатсызбы!
Менин балдарым Нарын шаарындагы шаарча аймагындагы Ынтымак бала бакчасына барат.
Садиктин директору 2018 жылы январь февраль март айында торолгон балдарды бала-бакчадан кеткиле деп атат. Менин балдарым азыр тили жакшы чыга элек, ошондуктан мектепке барганга эрте. Мектепке дагы 2018 жылкы балдарды албайт экен. Биз эмне кылаарыбызды билбей атабыз. Балдарымдын аты Асанкадыров Мирлан, Асанкадыров Эрлан жана Асанкадыров Нурлан 0704534444
Саламатсызбы? Сиздин балдар бакчага бара беришет. Чыгарылбайт
14.06.2023
Көк бөрүдөн бурулган жакта, дөң бар ошондогу урналарды такыр эле алып салсаныздар. Үймө үй кыдырып алып кеткенге ошол жактагы туугандарды кондурсок, бир кыйла жеңил болот эле.
Саламатсызбы, ал жердеги таштанды челекти алдырууга болбойт. Себеби кыдыруу жолу аркылуу таштандыларды жыйнап кетуудо жолдор тар болуп машиаларга ынгайсыз.
14.06.2023
Көк бөрүдө
Саламатсызбы, жок ал жерден башка жака жылдырууга болбойт
14.06.2023
Саламатсыздарбы урматтуу Нарын шаарынын мериясы! Биздин шаарыбыздагы Ысык-Кол кочосунун жолу эмне себеп менен жарым-жартылай, чала, эптеп-септеп жасалып атат? Бир айдан бери жок дегенде туздоп бербей, туздосо дагы башын аягын туздоп, ортосун калтырып ото жай иштеп атат ишкана? Козомолго алып ишти тездетип жолубузду асфальтабаса дагы жок дегенде туздоп берип жок болуп кетише берсин!
Саламатсызбы? Сиздин көчө түздөлгөн.
14.06.2023
Ассаламу алейкум урматтуу мэр. Жер маселеси боюнча жазып атам. Муниципиалдык жерлерди аукционго коюп жатып жарыяны гезитке чыгарып жатат. Гезитти бүгүн эч ким окубайт, ошол себептен мафия болуп кетип жатвт. Муниципиалдык кызмат жерди аукционго коёрдо гезитке эмес сайттарга же сиздердин баракчага чыгарып турушсун. Бул коррупцияга жол ачпай ачык айткандуулукту камсыз кылат. Рахмат! 0880858566
Саламатсызбы? Сиздин сунушуңузду мекемеге жеткирдик. Эске алынат
13.06.2023
Нарын шаарынын РТС чолкомундогу Кары Джанузаков кочосунундогу таштандылар урнасы чирип калган, алмаштырып, тегерек четин тозуп, ошол жердин тургундарына тушундуруу иштерип жургузуп койсонуздар. Ал кочодо конок уй жайгашкан, коптогон туристтер отот, ото жама антисанитариялык корунуш. Канча жылдан бери ушинтип турат, чечип берсенер жакшы болот эле 0700112484 Айганыш Таалайбек кызы
Саламатсызбы, Сиздин арызыныз боюнча жеринен барып корулду, чукул арада таштанды челектер алмаштырылып, тосулуп берилээрин билдиребиз