ЖОЛ КИРЕ ЖАНА ТАШТАНДЫ ТАРИФТЕРИ КӨТӨРҮЛӨТ

 

Нарын шаарында коомдук маршуруттук унаалардын жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Буга чейин окуучулар 5 сомдон түшүп келишкен. Эми, жаңы долбоорго ылайык  чоңдор жана балдар үчүн төлөм бирдейлештирилип, 10 сом болот.

Ошондой эле  таштанды төлөмдөрүнүн да баасы жогорулайт. Таштанды төлөмдөрү 12-сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул боюнча 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрулүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча  чечим  Нарын шаардык Кеңешине сунушталды.

Таштанды  тарифин көтөрүүнүн максаты  таштанды чыгаруу чыгымын толтуруу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү болсо жол киренин тарифин көтөрүүнүн себеби күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаганына байланыштуу  коомдук маршуруттук унаалардын жолго кеткен чыгымын актоо  менен маршуруттук унааларды көбөйтүү.