Автобекеттин чыгыш жана батыш тарабы тосулат

Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов жана шаар мэри Р.Адиев баштаган атайын топ, бүгүн 12-мартта автобекеттин абалы менен таанышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Автобекеттин айланасына курулган дүкɵн, ашкана, вулканизация жана башка кызмат кɵрсɵтүүчү жайлар, мындан сырткары Ленин көчөсүнөн автобекетти аралап Ат-Башы көчөсүнө өтүп кете турган көчө, унаалар ары-бери өткөндүктөн иштөөгө тоскоолдуктарды жаратып келген.

Бүгүн А.Кайыпов мындай тоскоолуктарды жоюу үчүн автобекеттин чыгыш жана батыш тарабын тосмолор менен 1-майга чейин тосуу жагын «Нарын автовокзалдар, автостанциялар» ишканасына тапшырды.

Ошондой эле автобекеттин айланасындагы чакан ишканалардын сырткы кɵрүнүшүн бирдей типке келтирүүнү, таксилер токтоочу тилкелерди аныктап, чийип берүү, медициналык кɵзɵмɵлдɵɵ бɵлүмүнүн үзгүлтүксүз иштɵɵсүн камсыз кылуу, патенттери бар кана таксилер жүргүнчүлɵрдү ташуусун талап кылуу боюнча кыдыруу учурунда тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий