АГА ХАН ѲНҮКТҮРҮҮ УЮМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК УЛАНТЫЛАТ

Бүгүн, 29-майда Нарын шаардык мэриясында Ага Хан ɵнүктүрүү уюмунун ɵкүлдɵрү тарабынан маалымат жыйын ɵткɵрүлүп, аталган эл аралык уюм тарабынан иш жүзүнɵ ашкан долбоорлор жана алдыдагы пландар тууралуу Нарын шаардык Кеӊешинин депутаттарына жана шаардын коомчулугуна маалымат берилди.

Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов Ага Хан ɵнүктүрүү уюму биздин негизги ɵнɵктɵшүбүз экендигин баса белгилеп, алардын колдоосу менен Нарын шаарынын Башкы планы иштелип чыгып атканын, С. Жакыпов атындагы парк реконструкцияланып, заманбап медициналык борбор курулганын, ирригация, мугалимдердин билимин жогорулатуу, жергиликтүү демилгелерди колдоо, ишкерлерди микрофинансылык каржылоо багытындагы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканын, ошондой эле Нарын шаарына чет мамлекеттерден инвестиция тартуу аракеттери кɵрүлүп жатканын билдирүү менен Ага Хан ɵнүктүрүү уюмуна жана дипломатиялык ɵкүлү Шамш Кассим-Лакха мырзага тереӊ ыраазылык билдирди.

Иш чарада Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Ага Хан ɵнүктүрүү уюму аркылуу ачылган Борбордук Азия университетинин уникалдуулугун жана Нарын шаарында курулуп калганы чоӊ жетишкендик экендигин, ал эми Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен миӊдеген шаар тургундары тил үйрɵнүп, кесиптерге багыт алып жумуш орду менен камсыз болуп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да кызматташуу улана берээрине ишеними зор экенин айтты.

Маалымат жыйында Ага Хан ɵнүктүрүү уюмунун дипломатиялык ɵкүлү, БАУнун Камкорчулар кеӊешинин тɵрагасы Шамш Кассим-Лакха, БАУнун университеттик шаарчаларын ɵнүктүрүү долбоорунун жетекчиси Дастанбуй Мамадсаидов, Борбордук Азия университетинин ректору Сохаил Накви мырзалар Ага Хан ɵнүктүрүү уюму, Нарын шаарынын Башкы планы жана Борбордук Азия университети боюнча кеӊири маалымат беришти. Маалымат жыйын суроо-жооп, сунуш-пикирлер менен коштолду.

Жыйынды Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов алып барды.

Белгилей кетсек, Ага Хан ɵнүктүрүү уюму 10 агенттиктен турат. Дүйнɵнүн 30 ɵлкɵсүндɵ иш алып барат. Негизги максаты ошол аймактардагы калктын жашоо деӊгээлин жакшыртуу, экономикалык, социалдык жана маданий долбоорлорду жүзɵгɵ ашыруу аркылуу аймактардын калкынын комплекстүү ɵнүгүүсүнɵ шарт түзүү болуп саналат. Кыргызстанда 1995-жылдан бери ɵз ишмердүүлүгүн жүргүзɵт. Бүгүнкү күнгɵ чейин 100 миллион доллардан ашык инвестициялык колдоо кɵрсɵткɵн. Алдыда жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун колдоосу менен мектептерди, мейманканаларды ачуу, заманбап турак-жайларды куруу пландары бар.

Добавить комментарий