Акипресс-Нарын маалымат борборунда мэр кышка даярдык туурасында маалымат жыйын ɵткɵрдү

Бүгүн, 25-ноябрда Акипресс — Нарын маалымат борборунда Нарын шаарынын мэри Р.Адиев кыш мезгилине карата даярдык туурасында маалымат жыйынын ɵткɵрдү.

Маалымат жыйындын жүрүшүндɵ жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү шаар бийлигине жана муниципалдык «Таза-Нарын», жылуулук менен камсыздоо, суу-канал, электр тармактары ишканаларынын жетекчилерине суроолорун узатып, тиешелүү жоопторун ала алышты.

Анда  учурдун эӊ кɵйгɵйлүү маселеси — электр энергиясына коюлган тарифтер, кɵмүр отунунун ар кандай баада сатылышы туурасында суроолор кɵбүрɵɵк берилди.

Ошондой эле шаар мэри келээрки жылга пландалган иш аракеттер жɵнүндɵ кеӊири маалымат берди.

Добавить комментарий